Палестинанын тышкы иштер министри: "Израилдин Газадагы геноциди уланууда"
Түркиядагы Анталия дипломатия форумунда сөз сүйлөгөн Варсен Агабекян Газадагы гуманитардык абалдын начарлашына көңүл буруп, тез арада жардам жана колдоо көрсөтүүгө чакырды.
Палестинанын тышкы иштер министри Варсен Агабекян Израилдин Газадагы палестиналыктарга каршы геноциди уланып жатканын белгилеп, начарлап жаткан гуманитардык абалга көңүл бурду жана эл аралык коомчулукту тез арада чара көрүүгө чакырды.
Жума күнү Түркияда өткөн Анталья дипломатиялык форумундагы панелдик талкууда сөз сүйлөгөн Агабекян ок атышууну токтотуу келишими түзүлгөндөн бери бир нече ай өтсө да, Газадагы кырдаал катастрофалык деңгээлде калып жатканын баса белгиледи.
Агабекян: "Шарм-эш-Шейх келишимине кол коюлгандан бери беш ай өттү, Газада биз көрүп жаткан нерсе - бул толугу менен апаат. Өлүмдөр жана жаракат алуулар уланууда, ал эми гуманитардык жардамдар муктаждыктын өтө аз бөлүгүн гана камсыз кыла турган деңгээлде жеткирилүүдө», — деди.
Чатырлар суу астында, азык-түлүк булактары булганууда
Министр Варсен Агабекян жер которууга аргасыз болгон палестиналыктардын сел жана санитардык талаптарга жооп бербеген оор шарттардагы жашап жатканын айтып: «Адамдар суу астында калган чатырларда күн өткөрүүдө», — деди. Агабекян эл аралык уюмдардын отчетторуна таянуу менен, аймак тургундары урандылар жана таштандылардын курчоосунда калганын, ал эми азык-түлүк кампадагы запастар кемирүүчүлөр тарабынан булганып жатканын кошумчалады.
Гуманитардык жардамдардын жай келип жатканына нааразы болгон Агабекян бул суроолорду узатты: «Газада чукул жардам аракеттери качан башталат? Гуманитардык жардамдар качан толук кубаттуулукта кире баштайт жана биз качан саламаттыкты сактоо, билим берүү жана суу сыяктуу негизги муктаждыктардын камсыздалганын көрө алабыз?»
«Бул геноцид — Израилдин көп жылдык мыйзам бузууларынын туу чокусу»
Министр Варсен Агабекян учурдагы кырдаал Израилдин көп жылдан бери уланып келе жаткан чабуулдарынын натыйжасы экенин белгиледи. Ал: «Бул геноцид — Израилдин бизди бүгүнкү абалга алып келген көп жылдык мыйзам бузууларынын эң жогорку чеги», — деди.
Бул билдирүүлөр 2025-жылдын 10-октябрынан бери күчүндө турган ок атышууну токтотуу келишими Израиль тарабынан күн сайын бузулуп жаткан учурга туш келди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бул мыйзам бузуулардын айынан ушул күнгө чейин 765 палестиналык каза болуп, 2 140 киши жаракат алды.
Газа бийлигинин маалыматы боюнча, аталган ок атышууну токтотуу келишими 2023-жылдын октябрь айында башталган Израилдин эки жылдык геноцидинен кийин кабыл алынган. Ал чабуулдар жалпысынан 72 340тан ашуун палестиналыктын өлүмүнө, 172 250дөн ашык кишинин жаракат алышына жана Газанын инфраструктурасынын болжол менен 90 пайызынын талкаланышына алып келген.