ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
ДССУ: Газадан 1000ден ашуун бейтап эвакуацияны күтүп жатып каза болду
Газанын тышында миңдеген бала да болгон 18,500дөн ашуун бейтап дарланууну күтүүдө. Жетекчилердин чыныгы сандын мындан да жогору экендигин эскерткендиги билдирилди.
ДССУ: Газадан  1000ден ашуун бейтап эвакуацияны күтүп жатып каза болду
"Бул адамдардын көбүнүн күтүүгө убактысы жок," деп чиновник эскертет. / AP

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму (ДССУ) согуштан талкаланган Газадан шашылыш медициналык эвакуация күтүлүп жатып акыркы бир жарым жылда 1000ден ашуун бейтаптын каза болгонун билдирди.

ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус жума күнү X социалдык тармагында бөлүшүүсүндө, БУУнун агенттиги жана өнөктөштөрүнүн согуш башталгандан эки жылдан ашык убакыттын ичинде "Газадан ден соолугуна байланыштуу олуттуу көйгөйлөрү бар 10 600дөн ашуун бейтапты, анын ичинде 5 600дөн ашууну баланы эвакуациялаганын" билдирди.

Биро Газада дагы көп бейтаптын эвакуацияны күтүп жатканын эскертти.

Тедрос Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтарына шилтеме жасап, 2024-жылдын июль айынан 2025-жылдын 28-ноябрь айына чейин медициналык эвакуацияны күтүп жаткан1092 бейтаптын каза болгону белгилүү экенин айтты.

"Бул сан аз көрсөтүлүшү мүмкүн" экендигин билдирип, "дагы өкп өлкөнүн Газадан келген бейтаптар үчүн эшиктерин ачууга жана Чыгыш Кудс менен бирге Батыш Шериага медициналык эвакуацияны кайра баштоого" чакырды.

“Бейтаптар буга көз каранды”

ДССУнун катчысы Тарик Ясаревич жума күнү Женевада журналисттерге билдиргендей, Газадан тышкары дагы эле 18 500 бейтап, анын ичинде 4000ден ашык бала дарыланууга муктаж.

"Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун кызматкери ушул айдын башында AFP агенттигине ДССУнун көрсөткүчтөрү катталган бейтаптарды гана чагылдырарын жана шашылыш эвакуацияга муктаж болгон адамдардын чыныгы саны бир нече эсе көп экенин айтты.

«Бул адамдардын көпчүлүгүнүн күтө турган убактысы жок», — деа баса белгиледи Ясаревич.

АКШнын ортомчулугу менен жетишилген ок атышууну токтотуу Газадагы согушту токтотту, бирок 10-октябрдан бери күчүндө болгон келишим морт бойдон калууда, анткени Израиль менен ХАМАС бири-бирин дээрлик күн сайын эреже бузуулар боюнча айыпташууда.

Иликте
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат
Тордун ханышалары Словения менен беттешет
Украиналык дрондор Самара облусундагы өнөр жай объектисин жана Ozon платформасынын кампасын атты
Иран армиясынын өкүлү: Иран армиясы коргонуудан чабуулга өттү
Израилдин расмий өкүлдөрү: Нетаньяху Түркия менен чыңалуунун "керексиз" күчөшүнө алып келүүдө
Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө; Түркия гуманитардык жардамды  көрсөтүүдө
Түркия Президент Эрдоганга карата айтылган пикирлерге байланыштуу Израилди сынга алды
Түркия жана 11 башка өлкө Сириядагы Израилдин соккуларына каршы чыкты
Түркия Интерполдон Нетаньяхуга каршы кызыл бюллетень чыгарууну суранды
Кыргызстан мунай импорттоо тармагын кеңейтүүдө
Индонезия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери жолугушту