Самия Сулуху Танзаниянын жаңы президенти катары ант берди

Додомада инаугурация учурунда коопсуздук катуу сакталып, борбордун айланасына курал-жарактуу полиция жана аскерлер жайгаштырылды.

Самия Сулуху Танзаниянын жаңы президенти катары ант берди / TRT Afrika Swahili

Танзаниянын президенти Самия Сулуху Хассан шайлоодо чоң жеңишке жеткенден кийин катуу көзөмөлгө алынган азем менен өзүнүн биринчи шайланган мөөнөтүн баштады. Азем нааразычылык акциялары, саясий чыңалуулар жана алтынчы күнгө кирген бүткүл өлкө боюнча интернеттин өчүрүлүшүнүн шартында өттү.

Мурда миңдеген жарандар катышкан стадиондо өткөрүлгөн ант берүү аземи бул ирет Додомадагы Танзаниянын Элдик коргонуу күчтөрүнүн парад аянтында өткөрүлдү.

Азем коомчулук үчүн жабык өттү, ага шайланган өкмөт кызматкерлери, коопсуздук кызматкерлери жана чакырылган чет элдик жогорку даражалуу коноктор гана катышты. Президент Сулуху ант бергенден кийин дароо аскердик азем менен сыйланды.

Додомада коопсуздук чаралары күчөтүлүп, куралчан полиция жана аскерлер жайгаштырылды. Танзаниянын Улуттук Шайлоо Комиссиясы Сулуху бейшемби күнкү шайлоодо 97.66 пайыз добуш менен жеңишке жеткенин, 32.7 миллион добуштун ичинен 31.9 миллионун алганын жарыялады. Бул жыйынтык анын президенттик мөөнөтүн экинчи ирет узартты.

Шайлоодо негизги оппозициялык лидерлер, анын ичинде Чадема партиясынан Тунду Лиссу жана Лухага Мпина катышууга уруксат берилген эмес. Аземге Сомалинин президенти Хасан Шейх Мохамуд, Замбиянын президенти Хакаинде Хичилема, Бурунди президенти Эваристе Ндайишимие жана Мозамбиктин президенти Даниел Чапо сыяктуу аймактагы өлкөлөрдүн мамлекет башчылары катышты.

Сулуху Хасан 2021-жылы өлкөнүн биринчи аял президенти болуп кызматка киришкен. Ал президент Жон Магуфули каза болгондон эки күн өткөндөн кийин ант берген.

Зомбулук

Шайлоо зомбулук, оппозициянын бойкоттору жана шайлоого чейин башталган интернет чектөөлөрү менен коштолду. Президент Сулуху мындай окуялар Танзаниянын маданиятына туура келбесин белгилеп, айрым кармалган жаштардын чет өлкөлүк экенин жана бул ишти коопсуздук күчтөрү иликтеп жатканын айтты.

Сулуху коопсуздук органдарын өлкөдөгү кадимки жашоону калыбына келтирүүгө чакырып “Бурунди жана Замбиянын президенттери айткандай, өлкөдөгү баш аламандыктар эч кандай пайда алып келбейт. Мен Танзанияда тынчтыкка, биримдикке жана сабырдуулукка чакырам. Диалог гана өнүгүүгө алып келет” - деп кошумчалады.

Оппозициянын нааразычылыктары

БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгы шайлоо жыйынтыгы жарыялангандан кийин коопсуздук күчтөрү менен нааразычылык билдиргендердин ортосундагы кагылышууларда кеминде 10 адам каза болгонун кабарлады.

Чадема партиясы бул жыйынтыкты четке кагып, өлгөндөрдүн саны алда канча көп экенин баса белгиледи. Партиянын өкүлү Жон Китока журналисттерге шайлоо мезгили башталгандан бери 700дөн ашуун адам каза болгонун, бийлик оппозицияны колдогондорду бутага алганын айтты.

Сулуху шайлоо процессинин “эркин, адилеттүү жана ишенимдүү” болушун камсыз кылгандыгы үчүн Африка Биримдиги, БУУ, Түштүк Африка Өнүктүрүү агенттиги (SADC), Чыгыш Африка агенттиги жана Эл аралык соттун байкоочуларына ыраазычылык билдирди.

Бирок SADCнын шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы Танзанияда көпчүлүк аймактарда шайлоочулар өз демократиялык эркин билдире албаганын айтты. Дүйшөмбү күнү миссиянын жетекчиси Малавинин Ричард Мсовоя шайлоо SADCнын Демократиялык шайлоо принциптеринин жана көрсөтмөлөрүнүн талаптарына жооп бербегенин маалымдады.