ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Палестиналык активист Махмуд Халил АКШда 104 күн камакта отургандан кийин бошотулду
Федералдык сот Халилдин бошотулушун буйруп, Трамп администрациясынын Колумбия университетинин бүтүрүүчүсүн кармап туруусун сынга алды, доонун далилдеринин жок экендигин жана сөз эркиндиги укугунун бузулгандыгын айтты.
Палестиналык активист Махмуд Халил АКШда 104 күн камакта отургандан кийин бошотулду
/ Reuters
21 Июнь 2025

Палестиналык активист жана Колумбия университетинин магистратура студенти Махмуд Халил АКШ өкмөтүнүн анын камакта кармалышына байланыштуу мыйзамдуу негиздин жок экендигин сынга алган соттун чечими менен федералдык иммиграциялык камакта 104 күн отургандан кийин бошотулду.

АКШдагы университеттерде Палестинаны колдогон студенттик нааразычылыктардын көрүнүктүү өкүлү болгон Халилдин жума күнү Луизианадагы федералдык мекемеден чыгып, Нью-Йоркко кайтып, камакта болгон учурда төрөлгөн кичинекей уулу жана жубайы менен кайрадан биригүүсү күтүлүүдө.

«Адилеттик жеңди бирок бул чечим кечикти»,- деген Халил имараттын алдында жасаган билдирүүсүндө : «Бул процесс үч айга созулбашы керек эле»,- деди.

Нью-Жерсидеги АКШ райондук соту Халилди бошотуу чечимин кабыл алды. Соттун судьясы Майкл Фарбиарз өкмөт анын камакта кала беришине мыйзамдык негиздерди көрсөтө албаганын белгиледи. Ошондой эле, ал зомбулукка байланыштуу айыптары жок жана соттук процесстерге катышууга даяр экенин көрсөткөн мыйзамдуу АКШ тургунун камакта кармоо «адаттан тыш көрүнүш » болорун айтты.

Мыйзамдык талаш-тартыш

Халил Луизианадагы иммиграциялык сот күрөөнү четке кагып, аны АКШдан депортациялоо чечиминен бир нече саат өткөндөн кийин бошотулду. Трамп администрациясы бул чечимдин федералдык райондук соттун чечиминен жогору экендигин билдирди.

Өкөмттүн атынан жасалган билдирүүдө соттун ыйгарым укуктарынан ашып кеткени айтылды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Халилди депортациялоо демилгесин көтөрдү. Рубио Кансыз согуш мезгилиндеги мыйзамды мисал келтирип, АКШнын тышкы саясатына зыян келтирери болжолдолгон чет элдиктерди депортациялай аларын айтты. Рубио конституциялык укуктардын жаран эместерге бирдей колдонулбай тургандыгын айтып Халилдин активдүүлүгүн "улуттук коопсуздукка коркунуч" деп мүнөздөдү.

Трамп администрациясы Израилге каршы демонстрацияларга катышууну антисемитизмге теңеп, мунун депортация үчүн жетиштүү негиз экендигин белгиледи. Бирок жарандык укук коргоочулар бул ыкманы четке кагып, Израилдин саясатына карата сындардын жек көрүү сөздөрү менен аралаштыруу оппозицияны токтотуу максат кылгандыгын белгилешти.

Халил Луизиана штатында Йенадагы тергөө абагындагы тажрыйбасынын «адам укуктары, эркиндик жана адилеттүүлүктүн жактоочусу экендигин айткан бир өлкөнүн башка бир жүзүн» ортого чыгаргандыгын айтты. "АКШ жараны болуу, мигрант болуу же бул жерде жашаган адам болушуңуз сизди адам катары кем кылбайт. Бул администрация кандай жарнамалабасын, акыры адилеттик жеңет", - деди.

Анын жубайы, доктор Нур Абдалла бул чечимден кийин "терең дем алганын" айтты, бирок акыркы үч айдагы травманын кетпегендигин баса белгиледи. "Бул чечим Трамп администрациясынын биздин үй-бүлөбүзгө жана башка көптөгөн адамдарга жасаган адилетсиздиктин ордун толтура албайт",- деди.

Биринчи учур

Халил президент Дональд Трамптын Израилдин Газадагы геноцидине байланыштуу университеттердеги нааразычылык акцияларына каршы баштаган операциясынын алкагында камакка алынган биринчи адам болду. Ал 8-март күнү Манхэттендеги үйүндө кармалды. Ал кампуста камакка алынгандардын арасында болбосо да, студенттик акцияларда сөз сүйлөгөн жана өкүл катары чыгышы аны бутага айландырды.

Халил камакка алынгандан бир нече күндөн кийин Жоржтаун университетинде иштеген индиялык изилдөөчү Бадар Хан Сури да камакка алынды. Адвокаты Сури палестиналык аял менен турмуш курганы үчүн камалганын билдирди. Сури май айында бошотулду.

Суринин артынан бийликтер Палестинаны жактаган дагы бир студент Момоду Таалдын багынышын талап кылышты.

25 - март күнү Колумбия университетинин студенти Юнсео Чунг өткөн жазда Палестинаны колдогон демонстрацияга катышканы үчүн депортацияланышына жол бербөө үчүн Трамптын администрациясына каршы доо арыз менен кайрылганын жарыялады.

Ошол эле күнү Тафтс университетинин докторанты Румейса Өзтүрк АКШ бийликтери тарабынан Газада Израилдин кыйратуусун сынга алганы үчүн күндүз камака алынды.

14 - апрелде Мохсен Махдавини жарандык үчүн маектешүүгө барган учурда камака алышты жана 30 - апрелде бошотулду.

Иликте
Афганистан Газага 500 тоннадан ашык жардам жөнөттү
8-TRT Humanitarian кинофестивалы үчүн кайрылуулар башталды
Палестинанын тышкы иштер министри Израилге карата мамиленин өзгөргөнүн айтты
Вьетнам Кытай менен кызматташуу келишимдерине кол койду
Рохинжалар менен бангладештиктерди ташыган кеме чөгүп, каза болгондордун саны белгисиз болууда
АКШнын Тынч океанда баңгизат аткезчилигине шектелген кемеге кол салуусунан төрт адам каза болду
Трамп Иран согушу "жакында бүтөт" деп айтты
Он өлкө Ливандагы кол салууларды "тез арада токтотууга" чакырды
Пакистандын премьер-министри Сауд Арабия, Катар жана Түркияга сапар тартат
25 кеме Ормуз кысыгынан өттү, АКШнын блокадасына карабастан деңиз кыймылы уланууда
IFRC Түркиядан Иранга көбүрөөк жардам жөнөтүүнү пландаштырууда
Макрон Трамп менен Пезешкианды тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого чакырды
Франция менен Британия "коргонуу максатында" Ормуз кысыгындагы коопсуздук миссиясын талкуулашат
Премьер-министр Мелони: Италия Израиль менен коргонуу келишимин токтотууда
Кытай менен Испания "кыйрап бараткан" дүйнөлүк тартипте биримдик жөнүндө билдирүү жөнөтүштү