Палестиналык бир адвокат Газадагы Кемал Адван ооруканасынын директору дарыгер Хүсам Абу Сафиянын бир Израиль ооруканасында “оорулуу жана ачка калтырылгандыгын” айтты жана атайылап көңүл бурбоонун натыйжасында Абу Сафиянын абалы тездик менен начарлап баратат.
Абу Сафиянын адвокаты Гаид Касем Палестинанын Aljarmaq басылмасына берген маегинде жүрөк аритмиясы жана кан басымы жогору экенин, бирок былтыр декабрда камакка алынгандан бери кардиолог тарабынан текшерилбегенин айтты.
Абу Сафиянын кабыргаларынын сынганын, денесинде кеңири тараган тери инфекциялары, кычыткыдан жабыркап, дары-дармек албастан жашап жаткандыгын билдирди.
“Туткундар күн нурун албайт, жетиштүү тамак-аш берилбейт жана толук обочолонууда жашашат”, – деди.
“Мен да үч жума мурун аны көргөнүм үчүн жазаландырылдым. 20 мүнөткө созулган, кемсинтүү болгон жолугушуу болду”,- деп кошумчалады.
Кассем Абу Сафия үчүн 33 барактан турган медициналык документ алганын, бирок анын абалы начарлап баратканына карабастан, анда экспертизанын корутундусу жок экендигин белгиледи.
Дарыгердин алдыдагы апталарда сот алына чыгышы күтүлүп жатканын кошумчалап, мындай угууларды толугу менен “театр” деп мүнөздөдү жана түрмө кызматкерлеринин адвокат болбостон камалуу мөөнөтүн “согуш аяктаганга чейин” узартылгандыгын айтты.
Кассем буга чейинки билдирүүсүндө Абу Сафия камалган учура 100 килограмм болгон салмагынын 60 килограммга чейин түшкөнүн билдирген жана палестиналык туткундарга карата “атайылап көңүл бурулбагандыгын” баса белгиледи.
Абу Сафия 2024-жылдын 27-декабрында Израиль күчтөрүнүн Кемал Адван ооруканасына чабуул койгон учурда кармалган. Аскерлер 240 кызматкерди жана бейтапты камакка алып, чечиндирип, оорукананы иштебей турга абалга алып келген.
Абу Сафия Израилдин жашыруун чалгындоо маалыматтарына таянып, ар 6 айда бир жаңыланып туруучу жана айыптоосуз чексиз мөөнөткө камакка алууга мүмкүндүк берген "Мыйзамсыз согушкерлер жөнүндөгү мыйзамдын" негизинде соттолууда. Укук коргоочулар 2002-жылы күчүнө кирген бул мыйзамды Израиль Газадагы палестиналыктарды сотсуз камоо үчүн кеңири колдонуп жатканын айтышууда.













