ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШнын вице-президенти: Ирандын ядролук курал жасоо мүмкүнчүлүгү жок
Ж.Д. Вэнс АКШнын акыркы соккуларынын Ирандын ядролук инфраструктурасын жок кылганын айтса, Трамп Тегеран менен түзүлгөн аймактагы "жаңы күн" башталышы деп баалады.
АКШнын вице-президенти: Ирандын ядролук курал жасоо мүмкүнчүлүгү жок
/ AP

АКШнын вице - президенти Ж.Д. Вэнс АКШнын Ирандагы негизги ядролук инфраструктурага кол салууларынан кийин Ирандын эми ядролук курал чыгаруу мүмкүнчүлүгүнүн жок экендигин айтты.

Венс Fox News каналына берген маегинде : “Азыркы учурда бир жума мурункуга караганда башка бир жердебиз. Бир жума мурун Иран ядролук курал чыгарууга абдан жакын эле. Эми болсо Иран ээ болгон каражаттары менен атомдук курал чыгара албай турган абалда анткени бул каражаттарды жок кылдык”,- деп кошумчалады.

Вице-президенттин бул сөздөрү АКШнын президенти Дональд Трамптын Израиль менен Ирандын ортосундагы ок атышууну токтотуу келишимин жарыялагандан бир нече саат өткөндөн кийин айтылды. Бул келишим эки жумалык түздөн түз кагылышуудан кийин чыңалууну басаңдаткандай болду.

Венс : “Эртең чындыгында жаңы бир күн болот… 12 күндүк согуштун аягы, Ирандын өзөктүк программасынын аягы жана Жакынкы Чыгышта тынчтык үчүн чоң бир нерсенин башталышы экендигине ишенем,” – деди.

Жуманын акырында Иран менен АКШнын ортосундагы чыңалуу күчөдү. Америка күчтөрүнүн Израилдин Иранга каршы аскердик чабуулуна кошулушу менен күч алды. АКШ жер астындагы Фордо байытуу объектиси да болгон Ирандагы үч ядролук объектисине абадан сокку урду.

Буга жооп катары Иран дүйшөмбү күнү АКШнын Катардагы Аль-Удейд аскердик базасына бир нече баллистикалык ракета атты. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Ак үй бул аскердик чабуулду Ирандын ядролук амбицияларын токтотуудагы чечкиндүү кадам жана аймактагы дипломатиялык аракеттерди кайра жандандыруунун башталышы деп мүнөздөдү.

Ок атышпоо акыркы жылдардагы түздөн-түз Иран-Израиль кагылышуусунан кийин болду

Ок атышууну токтотуу келишими акыркы он жылдагы түздөн - түз з Иран-Израиль кагылышуусунан кийин болду. 13-июндан бери Израиль Ирандын аймагына чабуул жасап, ядролук жана аскердик объектилерди, ошондой эле жарандарды бутага алган. Тегеран Израилге ракеталык чабуулдар менен жооп берип, аймактык согуш коркунучун күчөткөн.

Дүйшөмбү күнү Трамп жарыялаган ок атышууну токтотуу келишими эки тараптын аскердик аракеттерин этап-этабы менен токтотууну күтүүдө. Ирандын биринчи болуп ок атышпоону баштоосу, андан 12 сааттан кийин Израилдин да ошондой эле кыймыл кылышы, кагылышуунун ок атышпоонун башталышынан 24 сааттын ичинде расмий түрдө токтошу күтүлүүдө.

Узак мөөнөттүү таасири азырынча белгисиз болсо да АКШнын жетекчилери бул учурга бурулуш жери катары карашууда.

Иликте
Иран: Трамп согушту кайра баштаса, бул АКШ үчүн согуштун биринчи күнүнө караганда да оор болот
Улуттук Чалгындоо Уюму Сирияда операция жүргүзүп, 10 ДЕАШ мүчөсүн Түркияга алып келди
Иран: Сүйлөшүүлөрдө жакынкы жумаларда же айларда так жыйынтыкка жетишүү күтүлбөйт
Кытайда көмүр кенинде жарылуу болуп 82 адам каза болду
Россия: Украинанын Лугансктагы колледжге жана жатаканага жасаган чабуулунан төрт киши каза болду
Сауд Арабиясы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн дрондорду жана жасалма интеллектти колдонууда
Рютте: "НАТО күчтүү жолго түштү жана өнөктөштүккө болгон көз карандылык азаят"
Иран АКШнын Ливан элчисине киргизген санкцияларын айыптады
АКШ Иран согушуна байланыштуу Тайванга 14 миллиард долларлык курал-жарак сатууну токтотту
АКШ Украинага 108,1 миллион долларлык Hawk ракета системасы жабдууларын сатууну бекитти
Марокконун Фес шаарында имарат кулап, көп сандаган адамдар каза болду
Израиль Сириянын түштүгүндө Дараага жакын жердеги айыл чарба жерлерин бомбалады
SpaceX акыркы мүнөттөгү техникалык көйгөйдөн улам Starship сыноо учуусун кийинкиге калтырды
Эл аралык жарандык коом уюму: "Газада гуманитардык абал азыр да катастрофалык абалда"
Казакстанда Биринчи Баку түркология курултайынын 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн симпозиум башталды
Ирандын футболдук командасы Дүйнө чемпионатына катышуу үчүн АКШнын Түркиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылды
Эверест чокусуна бир күндө 274 альпинист чыгып рекорд койду
Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 72 миң 775ке жетти
Пакистан АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн дипломатиялык аракеттерди күчөтүүдө
Зеленский Орусиядагы Сызрань мунай иштетүүчү заводуна кол салгандарын билдирди