ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Ирактын премьер-министринин юридикалык кеңешчиси Хаддад: "Уурдалган акча 2 триллион доллардан ашты"
Зейди буга чейин коррупцияга каршы күрөш жүргүзүлөрүн билдирген.
Ирактын премьер-министринин юридикалык кеңешчиси Хаддад: "Уурдалган акча 2 триллион доллардан ашты"
Иракта өткөн жумада коррупцияга каршы күрөшүү операциясы башталган (АРХИВ)

Хаддад Ирактын расмий маалымат агенттиги INAга берген билдирүүсүндө 2003-жылдан бери өлкөдөн уурдалган акчанын көлөмү 2 триллион доллардан ашканын жана премьер-министр Зейдинин жетекчилиги астында коррупцияга каршы күрөшүү операциясы "кызыл сызыктарсыз жана убакыт чектөөлөрүсүз" чечкиндүү уланып жатканын баса белгиледи.

Хаддад премьер-министр Зейдинин камактагылардын моюнга алуулары өздөрүнө чейин жетишинен тынчсызданган айрым саясий чөйрөлөрдүн кысымы жана каршылыгын кескин четке кагып, операциялардын улантууга болгон чечкиндүүлүгүн көрсөткөнүн билдирди.

Күнүмдүк рейддердин тынымсыз уланып жатканын жана кармалгандардын саны боюнча так статистиканын али жок экенин билдирген Хаддад кармалган негизги шектүүлөрдүн толук көрсөтмөлөрүнүн жардамы менен жаңы ысымдардын аныкталганын айтты.

Юридикалык кеңешчи шектүүлөрдүн концискацияланган активдери жана кыймылсыз мүлкү "логикага жана акылга сыйбаган" масштабда экенин баса белгилеп, бир гана жетекчинин же үй-бүлөсүнүн атына катталган 50дөн ашык люкс мүлк аныкталгандыгы тууралуу маалыматты бөлүштү.

Хаддад камакка алуу ордери бар айрым шектүү адамдар өлкөдөн же Ирак күрт аймактык башкаруусу тарабына качууга аракет кылып жатышканын белгилеп, Ирак күрт аймактык башкаруусу бийликтеринин бул процессте кызматташып, бул кишилерден сегиз адамды өткөрүп бергенин кошумчалады.

Ирактын коопсуздук күчтөрү ушул жылдын июнь айынын башында камакка алынган Мунай министрлигинин статс-катчысы Аднан ал-Жумейлинин берген көрсөтмөлөрүнүн негизинде борбор шаар Багдаддагы өкмөттүк имараттар жана чет элдик миссия өкүлчүлүктөрү жайгашкан «Жашыл зонада» коррупцияга шектелген айрым жогорку кызматтагы саясатчылардын жана депутаттардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, аларды камакка алган.

Ирактын премьер-министри Зайди буга чейин коррупцияга каршы күрөш жүргүзүлөрүн билдирген.

Иликте
Президент Эрдоган Катар эмири үчүн көңүл айтты
Киев жаңы ракеталык чабуулдарга учурап, Россиянын Украинадагы чабуулдарынан 8 адам каза болду
Түркия Венесуэлага 30 тонна гуманитардык жардам жөнөттү
Түркия Ливандын коопсуздугун колдоону улантарын  билдирди
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү