ЭЭА: Европанын авиациялык күйүүчү майы 6 жумага гана жетиши мүмкүн
Фатих Бирол "ушул кезге чейинки эң чоң энергетикалык кризистин" дүйнөлүк кесепеттеринин тынчсыздандырган сүрөтүн тартты.
Эл аралык энергетика агенттигинин (ЭЭА) башчысы Европанын "балким, болжол менен 6 жумалык авиациялык күйүүчү майы калганын" айтып, Иран согушунан улам мунай жеткирүүлөрү үзгүлтүккө учурай берсе, "жакында" учуулардын токтотулушу мүмкүн экенин эскертти.
Эл аралык энергетика агенттигинин башкы директору Фатих Бирол бейшемби күнү Ормуз кысыгы аркылуу өткөн мунай, газ жана башка маанилүү жеткирүү линияларынын үзгүлтүккө учурашынан келип чыккан жана ал "биз туш болгон эң чоң энергетикалык кризис" деп мүнөздөгөн кырдаалдын глобалдык кесепеттери тууралуу эскертти.
«Мурун "Dire Straits" (Оор күндөр/Кыйын абал) аттуу топ бар эле, азыр Европа чындыгында эле оор абалда турат; бул дүйнөлүк экономикага олуттуу таасирин тийгизет. Бул абал канчалык узакка созулса, дүйнө жүзүндөгү экономикалык өсүш жана инфляция үчүн ошончолук жаман болот», — деди Бирол.
Бул кризистин таасири «бензиндин, жаратылыш газынын жана электр энергиясынын баасынын жогорулашы» түрүндө болорун белгилеген Бирол, айрым аймактардын башкаларга караганда көбүрөөк жабыркай турганын айтты.
«Эң алдыңкы сапта Жакынкы Чыгыштан энергия алган Азия өлкөлөрү турат», — деп белгилеген Бирол Япония, Корея, Индия, Кытай, Пакистан жана Бангладешти мисал келтирди.
Париждеги кеңсесинде сөз сүйлөгөн Бирол: «Андан кийин кезек Европа менен Америкага келет», — деп кошумчалады.
ЭЭАнын башкы директору, эгер Ормуз кысыгы кайра ачылбаса, Европа үчүн «жакында күйүүчү майдын жетишсиздигинен улам А шаарынан Б шаарына айрым авиакаттамдар токтотулушу мүмкүн деген кабарларды уга турганыбызды айта алам», — деди.
АКШ 28-февралда башталган согушту токтотууну көздөгөн жана апта соңунда Пакистанда Вашингтон менен Тегерандын ортосунда өткөн сейрек юолуучу түз сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктагандан кийин Ирандын портторуна деңиз блокадасын колдоно баштаган.