ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Хамас израилдик туткундардын сөөгүн Газадагы Кызыл Крестке тапшырды
Израиль армиясы каза болгон израилдик туткундун табытынын Кызыл Крестке тапшырылганын айтты.
Хамас израилдик туткундардын сөөгүн  Газадагы Кызыл Крестке тапшырды
Хамас израилдик туткундардын сөөгүн Газадагы Кызыл Крестке тапшырды / AP

Израиль армиясы Хамастын ок атышпоо келишиминин негизинде бир барымтадагынын сөөгүн тапшырарын билдиргенден кийин сөөктүн Газада Кызыл Крестке тапшырылганын жарыялады.

Израиль жума күнү берген маалыматында: "Кызыл Крест тарабынан берилген маалыматка караганда, барымтадагы адамдын сөөгү табытта кабыл алынган жана Газа тилкесиндеги Израиль армиясынын бөлүктөрүнө карай жолго чыкты. Хамас келишимге баш ийип, бардык барымтадагыларды кайтаруу үчүн керектүү кадамдарды жасашы керек",- деп айтылды.

Израилдин премьер-министрлик кеңсеси да : «Израиль Кызыл Крест аркылуу Газадагы израилдик күчтөргө кайтарылган барымтадагы бир адамдын сөөгүн алды»,-деп билдирди.

Билдирүүдө сөөктөрдүн өздүгүн тактоо үчүн Израилдеги медициналык борборго өткөрүлөрү кошумчаланган.

Бул жеткирүү менен кайтарылган сөөктөрдүн жалпы санын 11ге жетти.

Хамас калгандарын да кайтарып берүүгө убада берди.

Израилдин коргоо министри буга чейин курчоодогу Газага карата чабуулду кайра улантуу менен коркуткан.

Хамастын жогорку мартабалуу жетекчиси Гази Хамад жума күнкү билдирүүсүндө бул коркутууларды “кабыл алынгыс кысым тактикасы” деп атады.

"Сөөктөрдү кайтаруу маселеси татаал процесс жана убакытты талап кылат, өзгөчө оккупациянын Газанын жүзүн өзгөрткөндөн кийин. Биз сөөктөрдү кайтарып беребиз жана убада кылгандай, келишимге баш ийебиз", - деди Хамад.

Иликте
Иран Украинаны Каспий деңизинде коммерциялык кемеге кол салуу боюнча айыптады
Токаев Путинди "Стамбул формуласы 2.0" формуласына кайтууга чакырды
Түркия төрт палестиналыктын өлтүрүлүшүн айыптап, Израилдин «геноцид саясатын» сынга алды
БУУнун баш катчысы  17 жылдан кийин Дамаскка барды
Россиянын Украинага жасаган кол салуусунда жети киши каза болду
Иран парламентинин спикери Калибаф Израиль ислам өлкөлөрүнүн негизги душманы экенин айтты
Президент Эрдоган Аясофия тууралуу пост жарыялады
Израиль армиясы Газадагы бир нече үйгө абадан сокку урду
Түркия израилдик министрдин Акса мечитинде жүргүзгөн рейдине каршылык көрсөттү
Украина лидери: "Россиянын Павлоград шаарына жасаган чабуулунда 3 адам каза болду"
Султандар жарым финалда
Россия менен АКШнын тышкы иштер министрлери Украина кризиси тууралуу сүйлөштү
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда