ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Германиядан Түркияга Eurofighter учактары үчүн уруксат: келишимдин жолу ачылды
Анкаранын Eurofighter аскердик учагын сатып алуу боюнча көптөн бери кечигип келген тендери Берлиндин макулдугу менен олуттуу тоскоолдуктарды ашып, Eurofighter өнөктөштөрүнүн төртөө тең сатууну колдоду.
Германиядан Түркияга Eurofighter учактары үчүн уруксат: келишимдин жолу ачылды
/ Reuters

Германия көптөн бери кечиктирилип келген Eurofighter Typhoon учактарынын Түркияга тапшырылышына уруксат берип, чоң коргонуу экспорту келишиминин алдындагы маанилүү тоскоолдукту жойду.

Германия өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штефан Корнелиус шаршемби күнү Берлинде өткөн маалымат жыйынында : “Коргоо министрлигинин экспорт уруксатын камтыган расмий жазууну Түркия өкмөтүнө жөнөттү”,- деп билдирди.

Уруксат Түркиянын коргоо министри Яшар Гүлер менен Британиянын коргоо министри Жон Хилинин Стамбулда 40 Eurofighter Typhoon учагын сатып алуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койгондон кийин берилди. Анкаранын планында олуттуу жылыш болду.

Келишимге17 - Эл аралык коргоо өнөр жайы жарманкесинин (IDEF) негизинде кол коюлду жана Британиянын коргоо министрлиги тарабынан НАТОнун эки союздашынын миллиарддаган долларлык экспорттук келишимди аяктоо үчүн “олуттуу кадам” катары мүнөздөдү.

Стармен келишимди мактады

Британиянын премьер-министри Кир Стармер бул кадамды кубаттады. Стармер: "Бул келишим турмуштук маанидеги коргонуу өнөр жайыбызды бекемдейт, өзгөрүү планыбызды ишке ашырат жана бизди жана союздаштарыбызды бул белгисиз мезгилде коопсуз кылат",- деди.

Өз ара түшүнүшүү меморандуму Түркияга Британия, Германия, Италия жана Испания тарабынан биргелешип чыгарган алдыңкы учактарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн гана бербестен, НАТОнун жамааттык кармануу позициясын жана коргонуу өнөр жайы кызматташтыгын дагы бекемдейт.

Британиянын коргоо министри Хили бул сатуунун өлкөсүндөгү миңдеген квалификациялуу жумуш орундарын коргой турганын жана Анкара менен стратегиялык байланыштарды дагы да бекемдей тургандыгын айтты. Бул Британиянын 2017-жылдан берки биринчи Eurofighter экспорттук келишими болот.

Берлиндин кооптонуулары жоюлду

Келишимге эң чоң тоскоолдуктардын бири болгон Германиянын кооптонуулары жоюлду. Британия, Германия, Италия жана Испания - Eurofighter учактарын өндүрүү боюнча өнөктөштөр - баарынын сатууга уруксат бериши менен жеткирүү шарттары боюнча расмий сүйлөшүүлөр жакынкы апталарда ылдамдай турганы күтүлүүдө.

Бул абал Түркия менен Британиянын коргонуу өнөр жайы жана НАТОнун алкагындагы стратегиялык кызматташтыгында да жаңы мезгилдин белгиси.

Иликте
Рубио Жакынкы Чыгышка сапарын баштады; Союздаш өлкөлөр Иран тууралуу суроолорго жооп күтүшүүдө
Байрактар: "Түркия атомдук электр станцияларын курушу керек"
Түркия ФИБАнын Дүйнөлүк Кубогунун Европа тандоо оюндарынын "күч рейтингинде" биринчи орунда
Анталияда туризм активдүүлүгү жогорулады
Президент Эрдоган Ирактын премьер-министри Али Зейди менен сүйлөшүү өткөрдү
Түрк мамлекеттеринин ортосунда электрондук соода жана санариптик кызматтар жеңилдетилет
Польшанын президенти Түркияга келет
Вэнс: Иран БУУнун ядролук инспекция агенттигинин кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүүгө макул болду
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердимухаммедов Азербайжанда жолугушууларды өткөрдү
Түркиянын орнотулган электр энергиясынын кубаттуулугу 125 598 мегаваттка жетти
Украина: Орусиянын Воронеж шаарындагы ракета компоненттерин чыгаруучу заводго кол салдык
Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер кызматынан кетти
Орусия 60 дронду атып түшүргөнүн билдирди; Москвадагы аэропорттор кыска мөөнөткө жабылды
Ортомчулар АКШ менен Иран Швейцарияда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктаганын билдиришти
Иран: Ливандагы согушту токтотуу аракеттеринде ийгиликтерге жетишилди