Мексикадагы селден кеминде 42 адам каза болуп, 27 адамдын дайыны чыкпай жатат
Беш штатта катуу жааган жамгырдан улам миңдеген үйлөр жарыксыз калды, куткаруу топтору дайынсыз жоголгон жарандарды табуу үчүн убакыт менен жарышууда.
Мексиканын бир нече аймагында катуу жааган жамгырдан улам пайда болгон суу ташкындары 42 адамдын өмүрүн алып, дагы 27 адам дайынсыз жоголгонун ишемби күнү бийлик билдирди.
Мексиканын Улуттук жарандык коргоо координациясы (CNPC) тараткан билдирүүгө ылайык, катуу жааган жамгыр Верекруз, Пуэбла, Идальго, Керетаро жана Сан-Луис-Потоси штаттарында кыйратуучу суу ташкындарын жараткан.
Баштапкы баалоолорго ылайык, суу ташкындарынан кеминде 42 адам каза болуп, издөө-куткаруу топтору 27 дайынсыз жоголгон адамды табуу үчүн тынымсыз иштеп жатышат.
Жагдайдын начарлап кетүү коркунучу
Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум эң көп жабыркаган беш штаттын губернаторлору менен виртуалдык жолугушуу өткөрүп, өзгөчө кырдаалдарга жооп берүү иштерин координациялады.
“Кырсыктан жабыркаган бир да адам жардамсыз калбайт. Федералдык өкмөттүн топтору жана кызматкерлери жолдорду ачуу жана элге жардам жеткирүү үчүн жөнөтүлдү,” - деди Шейнбаум жолугушуудан кийин.
Мексикалык маалымат каражаттарынын айтымында, миңдеген адамдар электр жарыгысыз калып, бул кырсык өлкөнүн акыркы жылдардагы эң оор суу ташкындарынын бири катары мүнөздөлүүдө.
Бийлик өкүлдөрү тоо боорлорундагы жер көчкүлөр жана ашып-ташкан дарыялар кырдаалды мындан ары да начарлатышы мүмкүн деп кооптонушууда.
Көптөгөн жабыркаган аймактарда катуу жаан-чачын уланууда, ал эми магистралдар, көчөлөр жана үйлөр дагы эле суу алдында калууда.