ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Эркиндик флоту "Madleen" Израилди айыптады
Эркиндик флотунун коалициясы Израилдин "чабуул жасоо ниетин" айыптады "Madleen" кемеси деңиз блокадасын бузуу миссиясын улантууда
Эркиндик флоту "Madleen" Израилди айыптады
5 Июнь 2025

Газага деңиз аркылуу жардам жеткирүүгө аракет кылган эл аралык активисттер Израилдин коркутууларын жана кемелерине карата "жарыяланган кол салуу ниетин" айыпташкандарын билдиришти. Учурда Жер Ортолук деңизинде бара жаткан кеме Израилдин бутасына айлануу коркунучунда турат.

Эркиндик флотунун коалициясы (FFC) тарабынан башкарылган, онго жакын кишиси бар "Madleen" аттуу парустуу кеме жекшемби күнү Сицилиядан чыккандан кийин, Израиль армиясы шейшемби күнү өлкөнүн деңиз чек араларын "коргоого" даяр экендигин билдирди.

Армиянын катчысы, генерал - майор Эффи Дефрин: "Аскер-деңиз флоту Израилдин деңиз чек араларын жана деңиз аймактарын коргоо үчүн күнү-түнү иштеп жатат", - деди. "Madleen" тууралуу берилген бир суроого : "Биз бул жагдайга даярбыз. Акыркы жылдары тажрыйба топтодук жана ага жараша иш кылабыз", - деп кошумчалады.

Эркиндик флотунун коалициясы шаршемби күнү берген маалыматында :“Израилдин "Madleen" кемесине кол салуу гиетин катуу айыптагандарын” белгиледи жана бул эскертүүнү “коркутуу” катары мүнөздөдү.

Madleen гуманитардык жардам жана эл аралык адам укуктарын коргоочуларды ташып, Израилдин мыйзамсыз, ондогон жылдарга созулган блокадасына жана Газага карата уланып жаткан геноцидге түздөн-түз каршы чыгууда,” – деп билдирди коалиция.

Израиль Газадагы оор гуманитардык абал үчүн эл аралык сынга кабылууда. БУУ май айындагы эскертүүсүндө бул аймактагы бардык элдин ачарчылык коркунучунда экендигин эскерткен.

2010-жылы түзүлгөн Эркиндик флотунун коалициясы – бул палестиналыктарды гуманитардык жардам жана Израилдин блокадасына каршы саясий нааразычылык аркылуу Палестиналыктарга колдоо берген эл аралык кыймыл.

Кичинекей парустуу “Madleen” кемесинин мөмө шире, сүт, күрүч, консерваланган азыктар жана протеин батончиктерин ташыгандыгы айтылууда.

Май айынын башында Эркиндик флотуна таандык башка бир кеме Conscience (Абийир) Газага бара жатып Мальтага жакын эл аралык сууларда жабыркады, активисттер Израилдин учкучсуз учактарынын соккусунан улам зыян тарткандыгын ойлоп жатышат.

Коалиция шейшемби күнү кечинде, Крит аралына жакын жерде “Madleen” кемесинин дрон тарабынан көзөмөлдөнүп, курчоого алынгандыгын, бир нече сааттан кийин дагы эки дрондун коштогондугун билдирди. Кийинчерээк бул дрондордун Грециянын жээк күзөтү, Европа Биримдигинин чек ара агенттиги Frontex же экөө тең иштеткен болушу мүмкүн деген маалымат берилди.

Израиль Газа тилкесине эки айдан ашык убакыттан бери уланып жаткан блокаданы жакында эле жеңилдеткени карабастан жардам уюмдары гуманитардык жардамдын тезирээк жана көбүрөөк көлөмдө киришин камсыз кылуу керектигин баса белгилешет.

Иликте
Би-Би-Си Трамптан кечирим сурады
Мэрдин айтымына караганда Украинанын борбор шаары Киев  орус кол салуусунун астында
Израилдик мыйзамсыз отурукташкандар Батыш Шериадагы мечитти өрттөштү
Виктория Австралиянын жергиликтүү элине кеңири ыйгарым укуктарды берген тарыхый келишимге кол койду
Москванын маалыматына караганда Украинанын 130  дрону атып түшүрүлдү
Израиль армиясы эки күндүн ичинде Сириянын Кунейтра аймагына төртүнчү жолу кирди
Израиль акыркы тынчтык келишими үчүн 8-декабрга чейин чек араларына кайтышы керек
Австралия менен Индонезия жаңы коопсуздук келишимине кол коюшту
Ирактагы парламенттик шайлоодон кийин шайлоо участкалары тынч жабылды
Украинанын коопсуздук кызматынын башчысы туткундарды алмашууну баштоо үчүн Стамбулда
АКШ Газага аскер жөнөтүү пландарын четке какты
Колумбия АКШ менен чалгындоо маалыматын алмашууну токтотууга буйрук берди
Шара учурда Израиль менен мамилелерди нормалдаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр мүмкүн эмес экенин айтты
Таиланд мина жарылгандан кийин Камбоджа менен тынчтык келишимин токтотту
Он жылдан бери Ливанда камакта отурган Ганнибал Каддафи күрөө менен бошотулду
Иракта парламенттик шайлоо өтүүдө
Таиланд мина жарылуусунан кийин Камбоджа менен келишимди токтотту
Кнессет палестиналыктарга өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам долбоорун алдыга жылдырууда
Египетте парламенттик шайлоо башталды
1.4 миллион адам эвакуацияланды, анткени өлүмгө алып келген Фунг-вонг тайфуну Филиппинди уруп өттү