ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркия ТКТРнын кызыкчылыктарын коргоону улантарын билдирди
«Түркия ТКТРдин кызыкчылыктарын коргоону жана кипрлик түрктөрдүн эл аралык статусунун таанылышын колдоону улантат».
Түркия ТКТРнын кызыкчылыктарын коргоону улантарын билдирди
Түркия Түндүк Кипр Түрк Республикасынын кызыкчылыктарын коргоону уланта турганын билдирди

 Тышкы иштер министрлиги Кипр тынчтык операциясынын 52 жылдыгы сыймыктануу менен белгиленип жатканын жана Түркия Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) кызыкчылыктарын коргоо жана кипрдик түрктөрдүн ажырагыс укугу болгон эгемендик теңдикти жана эл аралык тең укуктуу статусту таанууну камсыз кылуу үчүн бардык күчү менен иштей берерин билдирди.

Министрлик Кипр тынчтык операциясынын 52 жылдыгына байланыштуу социалдык медиа аккаунтунда билдирүү жасады.

Билдирүүдө: "Кипр түрк элинин эркиндик күрөшүнүн туу чокусу болгон Кипр тынчтык операциясынын 52 жылдыгын сыймыктануу менен белгилеп жатабыз. Туура 52 жыл мурун Түркия 1960-жылдагы Кепилдик келишиминен келип чыккан укуктары жана милдеттенмелеринин алкагында иш алып барып, аралдагы кипрлик түрктөрдүн жашоосун жана коопсуздугун кепилдикке алды"- деди.

Билдирүүдө бүгүн Кипр түрк эли башын бийик көтөрүп, тынчтыкта ​​жана коопсуздукта, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын эркин желбиреген желегинин астында жашап жатканы баса белгиленип: "Мекен жана кепил өлкө Түркия кечээкидей эле Түндүк Кипр Түрк Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо жана Кипр түрктөрүнүн ажырагыс укугу болгон эгемендүү теңдикти жана тең укуктуу эл аралык статусту таанууну камсыз кылуу үчүн бардык күчү менен иштөөнү улантат. Кипрде тынчтык орнотуп, улуттук дообуз үчүн тартынбастан өз жанын берип шейит болгон мехметчиктерибизди жана мекен кргоочуларыбызды ыраазычылык менен эскеребиз. Ардагерлерибизге ыраазычылык билдиребиз",- деп айтылды.

Иликте
Испаниянын түштүгүндө түн ортосунда болгон жер титирөө имараттар менен унааларга зыян келтирди
Эрдоган АК партиянын түптөлүшүнүн 25 - жылында сүйлөгөн сөзүндө:"Эми гана баштап жатабыз",- деди
Захарова Түркиядан келген тынчтык демилгелерин кылдаттык менен карап жаткандарын билдирди
Министр Фидандын Египет сапары тууралуу маалымат бөлүштү
Түркия "дос жана бир тууган" Пакистанды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Улуттук коргоо министрлиги Тынчтык операциясынын 52  жылдыгында шейиттерди жана ардагерлерди эскерди
Түркияда акыркы 24 жылда 2 миң 251 километр жогорку ылдамдыктагы темир жол линиясы курулду
Түрк аба жолдору Кытайдагы учуу желесине Чэндуну да кошту
АКШнын Коргоо министри Иранга каршы блокаданы "чексиз мөөнөткө" уланта ала тургандарын айтты
Нетаньяху Британияны "Ислам Республикасы" деп сыпаттады
АКШнын Иранга каршы согушу Кытайда электр жүк ташуучу унаалардын сатылышын көбөйттү
Ормуз кысыгында БАЭге таандык эки ADNOC танкери бутага алынды
ЦРУ Израилдин Иран Трампка каршы кутум уюштурган деген билдирүүсүнөн күмөн санап жатат
Латвияда аба мейкиндигин бузган дрон НАТОнун согуштук учактары тарабынан атып түшүрүлгөнү билдирилди
Индияда курулуп  жаткан туннелди суу каптап, 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды