Дүйнө Грузиядагы аскердик учак кырсыгынан кийин Түркияга көңүл айтууда

Азербайжандан Түркияга бараткан жана ичинде 20 киши болгон аскердик жүк ташуучу учактын кулашынан кийин, дүйнөнүн төрт бурчунан Түркияга көңүл айтуулар келүүдө.

By
Куткаруу топтору Грузия-Азербайжан чек арасындагы түрк аскердик жүк ташуучу учагынын урандысына жетти. / AA

Грузияда 20 аскер кызматкери бараткан түрк аскердик жүк ташуучу учагы кырсыкка учурагандан кийин көптөгөн өлкө жана эл аралык лидерлер Түркияга көңүл айтышты.

Коргоо министрлиги шейшемби күнү берген билдирүүсүндө учактын Азербайджандан Түркияга кайтып жатып Грузияда кырсыкка учураганын билдирди.

«Азербайджандан өлкөбүзгө кайтуу үчүн учкан C-130 аскердик жүк учагыбыз Грузия–Азербайджан чек арасында кулаган», — деп билдирди министрлик.

Дүйнө лидерлеринин көңүл айтуу билдирүүлөрү

АКШ

Америка Кошмо Штаттарынын Сирия боюнча атайын элчиси жана Түркиядагы элчиси Том Баррак "Түрк куралдуу күчтөрүнүн учагынын трагедиялуу кырсыгынан улам терең кайгырганын" билдирди. Баррак каза болгон аскерлердин үй-бүлөлөрүнө жана Түркия элине көңүл айтып: "Америка Кошмо Штаттары түрк союздаштарыбыз менен тилектеш,",- деди.

Катар

Катар Эми Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоганга көңүл айтып, кырсыктан каза болгондор үчүн терең кайрыгуусун билдирди.

Иордания

Иорданиянын Тышкы иштер министрлиги Түркия өкмөтүнө жана элине каза болгондор үчүн көңүл айтты. Министрликтин өкүлү Фоад Маджали өлкөнүн Түркияга менен тилектештигин жана толук колдоосун белгилеп, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР)

ТКТР президенти Туфан Эрхүрман окуя тууралуу тараң кайгырганын айтып, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына жана Түркияга көңүл айтып, сабыр тиледи. Премьер-министр Үнал Үстел жана Тышкы иштер министри Тахсин Эртугруоглу да көңүл айтып, кипрдик түрктөрдүн Түркия менен тилектештигин жана каза болгон аскерлер үчүн дуба кылгандарын билдирди.

Пакистан

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф X социалдык тармагындагы баракчасына түрк C-130 учагынын Грузияда кулап түшкөнүнө терең кайгырганын билдирди. "Урматтуу бир тууганым, президент Режеп Таййип Эрдоганга, учактагылардын үй-бүлөлөрүнө жана түрк боордошторубузга терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бул аза күтүү учурунда ойлорубуз жана тилектерибиз алар менен", - деди. Пакистандын Тышкы иштер министрлиги да Пакистандын түрк боордоштору менен толук тилектеш экендигин билдирди.

Афганистан

Афганистандын Тышкы иштер министрлиги дагы Түркиянын аскердик жүк ташуучу учагынын кырсыкка учурашынан терең кайгырганынбилдирип, бир тууган өлкө Түркиянын өкмөтүнө, элине жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын жүрөктөн көңүл айтты.

Казакстан

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да Түркиянын президентине билдирүү жиберип, түрк элине жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең көңүл айтты.

НАТО

NATOнун Башкы катчысы Марк Рютте X баракчасында: «Биз өнөктөшүбүз Түркияга жана бүгүнкү трагедияда каза болгондор үчүнтерең көңүл айтабыз» деди. Рютте түрк куралдуу күчтөрүнүн жана альянстагы бардык форма кийген эркектер менен аялдардын күн сайын коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жасаган иштерине терең ыраазычылык билдирди.

Италия

Италиянын тышкы иштер министри Антонио Таяни да Түркияга тилектештик билдирүүсүн жөнөттү. Таяни X социалдык тармагындагы баракчасына Азербайжандан Түркияга бара жаткан түрк C-130 аскердик жүк ташуучу учагынын Грузиянын аймагында кулап түшкөнүнө терең кайгырганын жазды. Таяни каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, кырсык болгон жерде иштеп жаткан түрк элине, бийлик өкүлдөрүнө, куралдуу күчтөрүнө жана куткаруучуларга колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Эстония

Эстония да Түркияга көңүл айтты. Тышкы иштер министрлиги: «Эстония Грузия–Азербайжан чек арасындагы Түркиянын аскердик жүк ташуучу учагынын трагедиялуу кырсыгына байланыштуу Түркияга чын көңүл айтат», — деди. Тышкы иштер министрлиги каза болгон экипаждын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, бул оор мезгилде Түркия менен толук тилектеш экенин билдирди.

Литва

Литванын Тышкы иштер министрлиги Грузия-Азербайжан чек арасында түрк аскердик жүк ташуучу учагынын трагедиялуу кырсыгына байланыштуу терең кайгыруусун билдирди. Литванын бул оор мезгилде өнөктөшү Түркия менен тилектеш экенин жана окуядан жабыркагандардын баарына чын жүрөктөн көңүл айтарын билдирди.

Румыния

Румыниянын Тышкы иштер министрлиги бир түрк аскердик учагынын Грузия - Азербайжан чек арасына жакын аймакта кырсыкка учурашынан терең кайрыгнанын билдирди. Румыния Түркияга жана каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө чын жүрөктөн көңүл айтып, бул оор мезгилде түрк боордоштору менен бирге экенин белгиледи.

Мальта

Мальтанын тышкы иштер министри Ян Борг Түркиянын учагынын Грузияда кырсыкка учураганына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтты. Борг түрк элинин кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.

Косово

Косовонун президенти Вьоса Османи дагы аскердик учактын кырсыкка учурашынан улам президент Режеп Таййип Эрдоганга, Түркиянын Куралдуу күчтөрүнө жана Түркия элине терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Япония, Франция, Россия, Нидерландия, Греция, Германия жана Украина сыяктуу бир катар өлкөлөр Анкарадагы дипломатиялык миссиялары аркылуу кайгысын билдиришти.