ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Европа Биримдигинен Украинага 4,36 миллиард евролук колдоо
Которулган каражаттын ичинен 3,7 миллиард евро 2026-жылга макулдашылган макрофинансылык жардамдын экинчи бөлүгүн түзөт, ал эми 658 миллион евро коргонуу колдоосу катары бөлүндү.
Европа Биримдигинен Украинага 4,36 миллиард евролук колдоо
Европа Биримдигинен Украинага 4,36 миллиард евролук колдоо

Европа Биримдигинин (ЕБ) комиссиясы Украинанын каржылоо муктаждыктарын канааттандыруу жана коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн колдоо максатында кошумча 4,36 миллиард евро которулганын жарыялады.

ЕБ Комиссиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө төлөм Украинаны колдоо насыясынын алкагында жүргүзүлгөнү айтылды.

Которулган каражаттын 3,7 миллиард евросу 2026-жылга макулдашылган макрофинансылык жардамдын экинчи бөлүгүн түзгөнү, 658 миллион евро коргонуу колдоосу катары бөлүнгөнү жана жалпысынан 4,36 миллиард евро кошумча каражат берилгени маалымдалды.

Төлөмдөр Украинанын каржылык муктаждыктарын канааттандырууга, мамлекеттик операцияларды сактоого жана маанилүү мамлекеттик кызматтардын улантылышын камсыз кылууга багытталганы, ал эми коргонуу колдоосу зарыл болгон маанилүү аскердик жабдууларды сатып алууга жумшалышы керектиги баса белгиленди.

Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен билдирүүсүндө Россия чабуулдарын улантып жатканын жана Украина согуштук шарттарда бешинчи кышка жакындап келе жатканын эске салды.

Фон дер Ляйен Украинада адилеттүү жана узак мөөнөттүү тынчтыкка жетүү аракеттери уланып жатканда, Европа Биримдигинин колдоосу да уланганын жана 4,36 миллиард евро өлчөмүндөгү төлөм Украинага маанилүү мамлекеттик кызматтарды сактоого жана шашылыш коргонуу муктаждыктарын канааттандырууга жардам берерин билдирди.

Иликте
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады