ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
OpenAI компаниясы AMD фирмасына чип үчүн миллиард долларлык буюртма берди
OpenAIдин AMD менен өнөктөштүгү анын жарым өткөргүчтөрдү камсыздоону диверсификациялоо максатын көздөй турганын жана америкалык Nvidia кубаттуулугуна гана таянбай турганын көрсөтүүдө.
OpenAI компаниясы AMD фирмасына чип үчүн миллиард долларлык буюртма берди
Талдоочулардын айтымында, AMD азыр Nvidiaдан тышкары Кытайдын Huawei компаниясынан, ошондой эле Amazon жана Googleдон да атаандаштыкка туш болууда. / AA

Advanced Micro Devices (AMD) жана OpenAI жасалма интеллектке негизделген маалымат борборлорун өнүктүрүү үчүн көп жылдык өнөктөштүк келишимине кол коюшту. Чип өндүрүүчү AMD бул келишим алдыдагы беш жылдын ичинде он миллиарддаган доллар жаңы киреше алып келерин билдирди.

Келишим кабарлары менен бирге AMDнин акцияларынын баасы базар ачылганга чейин 30 пайыздан ашык өстү. Бул келишимдин алкагында компания ChatGBT продуктусу менен популярдуу IT компаниясы болгон OpenAI үчүн жалпы иштетүү кубаттуулугу 6 гигаватт болгон AI инфраструктурасын курат.

Биргелешкен билдирүүдө AMDнын борбору Калифорния болгон OpenAIге бере турган чиптердин көпчүлүгүнүн жасалма интеллект операцияларында көп колдонулган графикалык процессорлордон (GPU) турары белгиленди.

Сентябрь айынын аягында Nvidia менен OpenAI 100 миллиард доллардан ашык жабдууларды жеткирүү боюнча келишимге кол коюшкан. Бул келишим OpenAIнин генеративдик жасалма интеллект мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Аналитиктердин айтымында, AMD Nvidiaдан тышкары Кытайдын Huawei компаниясы, ошондой эле Amazon жана Google менен атаандашууда.

Дүйшөмбү күнкү келишимдин алкагында, AMD OpenAIге 160 миллион акция алуу укугун берет.

Иликте
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"
Түркия ТКТРнын кызыкчылыктарын коргоону улантарын билдирди