Зеленский: "Трамптын сунушу жакшы макулдашуу"
Украинанын президенти, орус кесиптешинин Трамптын сунушун колдобой турганын ойлогонун айтты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский шаршемби күнү АКШ лидери Дональд Трамптын учурдагы фронттук сызыкка негизделген сүйлөшүүлөрдү баштоо сунушун колдоду, бирок орус президенти Владимир Путиндин муну кабыл алаарына күмөн санаганын билдирди.
Ослого кыска иш сапары учурунда Зеленский журналисттерге Трамптын: «Келгиле ошол жерде калып, сүйлөшүүнү баштайлы» деген сунушун айтты.
"Менимче бул жакшы компромисс, бирок Путин муну колдойт деп ишене албайм, жана мен бул тууралуу президентке айттым", – деп кошумчалады.
2022-жылы башталган Орусия-Украина согушун токтотуу аракеттери дагы бир жолу туңгуюкка кептелгендей көрүнүүдө.
Соңку күндөрү Трамп Москваны да, Киевди да азыркы фронт линиясында согушту токтотууга чакырды.
Трамп шейшемби күнү, Будапештте Путин менен саммит өткөрүү пландарын кийинкиге калтырганын, анткени "пайдасыз" жолугушуу болбошу керектигин айтты.
Ошол эле учурда Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков шаршемби күнү Путин менен Трамптын ортосундагы саммитке даярдыктар "уланып жатканын" билдирди.