ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Израилдин коргоо министри Йеменди коркутту
Министр: «Хуситтердин желеги Израилдин көк-ак желеги менен алмаштырылат»,-деди.
Израилдин коргоо министри Йеменди коркутту
/ Reuters

Израилдин Коргоо министри Исраэль Кац жума күнү Йемендин хусит лидери Абдул Малик аль-Хутини өлтүрөм деп коркутуп, Израилдин желегин Санада желбирете турганын айтты.

АКШнын социалдык медиа платформасы X аркылуу жасаган билдирүүсүндө Кац 28-августта Санадагы кол салууда Хусит өкмөтүнүн премьер-министри Ахмед Галиб ал-Рахавинин жана бир нече министрдин өлтүрүлүшүнө шилтеме кылып: “Абдул Малик аль-Хути, сенин кезегиң келди. Биз сени тозокко өкмөтүң менен жолугушууга жөнөтөбүз,” - деп айтты.

Катц ошондой эле «Хуситтердин желеги Израилдин ак-көк желеги менен алмаштырылат»,-деди.

28-августта Израиль Йемендин баш калаасы Санага аба соккусунда 12 жогорку даражалуу хусит чиновнигин, анын ичинде премьер-министр Рахави жана бир нече министрди өлтүргөн.

Хуситтер Израилге каршы ракеталар жана дрондор менен чабуул жасап, Израилге таандык же ал жакка бара жаткан кемелерди бутага алган. Бул чабуулдар Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газага карата жүргүзүп жаткан геноциддик согушуна жооп катары жасалганын билдиришкен.

Израилдин кол салуулары 65,100дөн ашуун палестиналыктын, көбү аялдар менен балдардын өмүрүн алды. Ошондой эле, жүз миңдеген адамдарды жер которууга мажбурлады жана ачарчылыкка алып келип, анын кесепетинен 147 бала да арасында болгон 435тен ашуун палестиналык каза тапты.

Иликте
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Азербайжанды куттуктады
АКШ Ормуз кысыгы аркылуу өтүү акысы үчүн санкция салды
Ирандын революция сакчылары Кувейттеги АКШнын аба базасын бутага алганын билдирди
Келерки жумалар Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси үчүн абдан маанилүү
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Израиль армиясы Газага кол салууда Хамастын аскердик лидерин өлтүргөнүн билдирди
БУУ Европадагы ысык аба ырайын климаттык кризистин "аёосуз эскертүүсү" деп мүнөздөдү
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү
Орусия чет элдиктерди жана дипломаттарды Киевден чыгып кетүүгө чакырды
Британиянын коргоо министринин учагы Орусиянын чек арасына жакын жерде сигналдын бузулушуна кабылды
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги "25-май Африка күнүнө" карата куттуктоо жарыялады
Израиль армиясы Батыш Шериада дүкөндөрдү жаптырды