Түркиянын Черногориядагы элчиси бычак менен кол салууну тез арада иликтөөнү талап кылды
Түркиянын Черногориядагы элчиси Барыш Калкаван Подгорицада түрк жарандары да катышкан бычакташуу окуясын толук иликтөөнү талап кылып, чет элдиктерди жек көрүүгө үндөгөн сөздөргө каршы эскертүү берди.
Түркиянын Черногориядагы элчиси борбор шаар Подгорицада жуманын акырында бир черногориялыктын бычакталуу окуясына аралашканы айтылган түрк жарандары тууралуу ылдам жана кенен түрдө териштирүү жүргүзүүгө чакырды. Элчи бул окуянын түрк коомун бутага алган провокацияга айландырылбашы керектигин баса белгиледи.
Республиканын 102 – жылы жана Республика майрамынан улам өткөрүлгөн кабыл алууда сөз сүйлөгөн Барыш Калкаван Черногория бийлигинен түрк жарандары аралашкандыгы айтылган бычак менен кол салуунун ылдам жана так ачыкка чыгарылышын, күнөөлүүлөрдү мүмкүн болушунча тезирээк жоопкерчиликке тартууну" күтөөрүн билдирди.
Калкаван: "Жөнөкөй кылмыштын түрктөрдү бутага алган чагымчылдыкка айланып кетиши өкүнүчтүү. Негизинен, күн сайын дүкөндө, кафеде саламдашкан жана чогуу жүргөн жаш досторго кайрылгым келет; бир нече чагымчылдын оюнуна алданбагыла. Түркия Республикасы бул процессте болгон бардык окуялар жана кесепеттери боюнча зарыл болгон бардык юридикалык жана саясий кадамдарды таштайт, бирок убакыттын өтүшү менен өз абийириңер да муну соттойт деп ишенем", - деди.
Калкаван Түркия менен Черногориянын 146 жылдан ашык убакыттан бери бекем тарыхый пайдубалга негизделген дипломатиялык мамилелерди сактап келе жатканын, Черногориянын тынчтыгы жана өнүгүшү Балкандагы туруктуулук үчүн абдан маанилүү экенин баса белгиледи.
Ошондой эле ал черногориялыктарды өлкөдө "ксенофобия, жек көрүү тили жана сотсуз өкүм чыгаруу маданияты сыяктуу адамгерчиликсиз түшүнүктөрдүн" тамыр алышына жол бербөөгө чакырды.
“Интенсивдүү аракеттер"
Элчи Черногория жарандарынын көпчүлүгү акыркы учурда түрк коомчулугу менен тилектештигин көрсөтүп, эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды "терең, көп кырдуу жана ар кандай провокацияны жеңе тургандай күчтүү" деп мүнөздөгөнүн белгиледи.
Черногорияда жашаган түрк жарандарын Түркия жана Черногория бийликтеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн "интенсивдүү аракеттерди" жумшап жатканына ишендирди.
Жергиликтүү маалымат каражаттары Подгорицада Черногория жаранына бычак менен кол салууга түрк жарандары катышкан деген доомат менен коомдук толкундоолорду жана туура эмес маалыматтарды жаратканын билдиришти. Жаракат алган адамдын ден соолугунун жакшы экени маалымдалды.
Окуядан кийин Черногориянын премьер-министри Милойко Спайич X платформасында Черногориянын түрк жарандары үчүн визасыз режимди убактылуу токтотконун жарыялады. Бул чечим борбор шаардын айрым жерлеринде күч алган чыңалуу жана түрктөргө каршы сөздөрдүн айтылышы, чек арадан чыгарууну талап кылган кичинекей нааразычылык топторунун пайда болушу менен байланыштуу кабыл алынды.
Түркия бийлиги жана Подгорицадагы элчилик душмандык сөздөрдү айыптап, окуянын эки өлкөнүн ортосундагы көп жылдык достук мамилелерге доо кетирбеши керектигин баса белгилешти.