Орус армиясы тарабынан Украинанын ар кайсы аймактарында жасалган аба соккуларынан 5 жайкын тургун каза болуп, 56 адам жаракат алганы маалымдалды.
Украинанын Мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар кызматынын (DSNS) социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүндө, орус аскерлери кечээ кечтен бери өлкөгө абадан сокку уруп жатканы айтылды.
Борбор шаар Киевди кошо алганда, Украинанын ар кайсы аймактары чабуулдарга кабылганы билдирилди.
Кол салуулардын натыйжасында 4 адам каза болуп, 35 адам жаракат алганы кабарланды.
Киевдин мэри Виталий Кличко да социалдык медиа аккаунтунда кечээ кечинде борбор шаарга орустардын чабуулунан 1 адам каза болуп, 21 адам жаракат алганын билдирди.
Украинанын аба күчтөрүнүн командачылыгы Орусиянын өлкөгө жасаган чабуулдарында колдонгон ар кандай типтеги 186 учкучсуз учуучу аппараттын 150сү жок кылынганын айтты.
Билдирүүдө ошондой эле орус армиясы бул кол салууларда ракеталарды да колдонгону жана Украинанын ар кайсы аймактарына абадан сокку уруу уланып жатканы баса белгиленди.





















