Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков Россиянын ноябрь айында АКШ жана Украина менен үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого даяр экенин билдирди.
Юрий Ушаков Санкт-Петербургдагы Константиновский сарайында Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Виткоффтун жолугушуусу тууралуу маалымат берди.
Ушаков Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнердин ден соолугуна байланыштуу онлайн катышканын белгиледи.
Мунун Путиндин АКШнын өкүлдөрү менен тогузунчу жолугушуусу экенин айткан Ушаков үч сааттык жолугушууну "ар тараптуу жана ачык" деп мүнөздөдү.
Ушаков бул жолугушууга чейин Виткофф Ослодо Украинанын президенти Владимир Зеленский жана бир нече европалык лидерлер, НАТОнун жана Европа комиссиясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн эске салды.
Ушаков Виткофф Владимир Путинге Ослодогу сүйлөшүүлөрдүн мазмуну жөнүндө маалымат бергенин, өзүнүн пикирлерин сунуштаганын жана кээ бир жаңы ыкмаларга көңүл бурганын айтып: "Бирок, бул жаңы ыкмаларда Украина кризисин чечүү жагынан пайдалуу болушу мүмкүн болгон көп элементтер жок болчу",- деп кошумчалады.
Ушаков: "Путин Витковго биз принцип боюнча болжол менен 10-ноябрда негизги маселе боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого даяр экенибизди билдирди. Бул маселе кагылышуулар аяктагандан кийин Россия менен Украина үчүн коопсуздук системасын түзүүгө тиешелүү. Америкалык өкүл мындай чечимди президент Трамп чоң канааттануу менен кабыл алаарын билдирди", - деди.
Ушаков ноябрь айында Кытайда өтө турган АТЭС саммити учурунда Россия, Кытай жана АКШ лидерлеринин тарыхтагы биринчи жолу жолугушуу ыктымалынын да талкууланганын кошумчалады.





















