Непалда 2025-жылдагы козголоңдон берки биринчи шайлоодон кийин добуштарды саноо башталды
Непалда өткөн жылы "Z мууну" жетектеген нааразычылык акцияларынын натыйжасында өкмөт кулатылгандан берки биринчи парламенттик шайлоодо добуштар саналууда.
Шайлоочулар Парламенттин төмөнкү палатасы — Өкүлдөр палатасына 165 мүчөнү түз шайлашат. Калган 110 орун саясий партиялардын алган добуштарынын пайызына жараша пропорционалдык система менен бөлүштүрүлөт. Непалдын шайлоо органдары жума күнү парламенттик шайлоонун добуштарын санай башташты. Бул — өткөн жылдын сентябрь айында "Z мууну" баштаган элдик көтөрүлүш мурдагы өкмөттү бийликтен кулаткан соң өлкө боюнча өткөрүлгөн алгачкы шайлоо.
Шайлоо комиссиясынын билдирүүсү боюнча, жума күнү эртең менен 165 шайлоо округунун 53үндө добуштарды саноо башталды. Айрым шайлоо тилкелери бир нече 2025-жылы социалдык медиага тыюу салуудан улам башталган коррупцияга жана туура эмес башкарууга каршы нааразычылык акциялары тез эле өкмөткө каршы кеңири жайылган элдик көтөрүлүшкө айланды. Нааразычылык акциясынын катышуучулары өкмөттүк имараттарга кол салып, полиция жооп кайтарганда ондогон адамдар каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алышты.күндүк жөө жүрүү менен гана жетүүгө мүмкүн болгон алыскы тоолуу айылдарда жайгашкандыктан, бийлик добуш берүү үкөктөрүн саноо борборлоруна тик учактар менен жеткирүүдө.
Шайлоо комиссиясы жыйынтыктардын дем алыш күндөрү жарыяланарын жана шайлоочулардын катышуусу болжол менен 60% түзгөнүн кабарлады.
Шайлоочулар Парламенттин төмөнкү палатасы — Өкүлдөр палатасына 165 мүчөнү түздөн - түз шайлашууда. Калган 110 орун саясий партиялардын алган добуштарынын пайызына жараша пропорционалдык система менен бөлүштүрүлөт.
Шайлоо участокторунун алдында эл чогулду. Борбор Катмандуда колдоочулар кол чаап, талапкерлери үчүн ураандарды чакырышты.
Жаңы партиянын премьер-министрликке талапкери — мурда рэп аткаруучусу катары белгилүү болгон, кийин саясатка аралашкан Балендра Шах. Ал 2022-жылы Катмандунун мэри болуп шайланып, 2025-жылдагы элдик көтөрүлүштө мурдагы премьер-министр Хадга Прасад Олинин бийлигин кулатууда негизги ролду ойногон. 35 жаштагы Шах өзүнүн кампаниясында кедей катмар үчүн саламаттыкты сактоо жана билим берүү реформаларын алдыга койду.
2025-жылы коррупцияга каршы нааразычылыктар социалдык тармактарга салынган тыюу салуудан улам тутанып, тез эле жалпы элдик көтөрүлүшкө айланган. Кагылышуулар учурунда ондогон адамдар каза болуп, жүздөгөнү жаракат алган. Эски партиялар өзүнүн туруктуу шайлоочуларын сактап калганы менен, Шахтын партиясы альтернатива издеген жаштардын арасында өзгөчө популярдуулукка ээ болду.
Конгресс жана коммунисттер өздөрүнүн шайлоочуларынын базасын сактап калганына карабастан Шахтын партиясы шайлоо өнөктүгү учурунда көбүрөөк элди өзүнө тартып, альтернатива издеген жаш шайлоочулардын арасында популярдуулугун арттырды.