ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
АКШ Иран согушуна байланыштуу Тайванга 14 миллиард долларлык курал-жарак сатууну токтотту
АКШ Коргоо министрлиги ракеталардын жетишсиздиги, Ирандын согуштагы талаптары, кампадагы кооптонуулар жана коргонуу даярдыгына байланыштуу Тайванга курал-жарак сатууну убактылуу токтотууга аргасыз болду.
АКШ Иран согушуна байланыштуу Тайванга 14 миллиард долларлык курал-жарак сатууну токтотту
Пентагон Иранга каршы согуш учурунда ракеталык запастардын азайып кетиши боюнча кооптонуусун билдирди. [Архивдик сүрөт] / AA

АКШ бейшемби күнү Иранга каршы уланып жаткан согуштан улам Тайванга 14 миллиард долларлык курал сатууну токтотконун билдирди.

Вашингтондо Сенаттын Ассигнациялар боюнча коргоо подкомитетинин жыйынында сөз сүйлөгөн Аскер-деңиз күчтөрүнүн министринин милдетин аткаруучу Хунг Као чечимин билдирип жатып, азайган ок - дары запастарына байланыштуу очтетторго карабастан АКШ армиясында ракеталар жана ракетага каршы коргонуу каражаттары жетиштүү экенин билдирди.

Као комитет мүчөлөрүнө: "Азыркы учурда (Иранга каршы) "Эпикалык кыжырдануу" (Операциясы) үчүн керектүү ок-дарылар жетиштүү экенине ынануу үчүн тыныгуу жасайбыз. Баары жетиштүүбү тактайбыз бирок администрация зарыл деп тапса, чет элдик аскердик сатуулар улантылат", - деди.

Као курал сатуунун акыркы бекитилиши Коргоо министри Пит Хегсет жана мамлекеттик катчы Марко Рубионун чечимине байланыштуу экенин айтты.

Бирок, Каонун билдирүүлөрү АКШнын президенти Дональд Трамп Тайванга курал-жарак сатуу маселесин Кытай менен сүйлөшүүлөрдө таасирдүү фактор катары колдонуп жатат деген дооматтарга карама-каршы келгендей көрүнүүдө.

 Трамп Fox News каналына берген маегинде: "Азырынча беките элекмин. Эмне болорун көрөбүз. Мен муну жасашым да мүмкүн жасабашым да мүмкүн", - деди.

 Кытайга болгон сапарынан кийин Трамп журналисттерге бул маселени Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен "кенен түрдө" талкуулаганын жана "жакында чечим кабыл аларын" айткан.

Иранга каршы согушка бөлүнгөн бюджет көбөйүүдө

АКШ президент Рональд Рейган мезгилинде 1982 - жылы ишке кирген жана АКШ - Тайван карым - катнаштарын жөнгө салган алты тышкы саясат принцибинен турган Алты кепилдикти ондогон жылдан бери колдонуп келе жатат. Бул кепилдиктин экинчи беренеси АКШнын Тайванга курал сатышы тууралуу Кытай менен кеңешпей тургандыгын белгилейт.

Каонун АКШнын жетиштүү ок-дарылары бар экенине ишендиргенине карабастан, маалыматтарга караганда, АКШнын аскерлери 28-февралда башталган Иран менен болгон согушта миңдеген ракеталарды колдонгон, Пентагондун алыскы аралыкка атуучу жашыруун круиздик ракеталарынын дээрлик жарымы түгөнгөн, ошондой эле Tomahawk круиздик ракеталарынын, Patriot алдын алуучу ракеталарынын, Precision Strike ракеталарынын жана ATACMS кургактыктагы ракеталарынын запастары түгөнгөн.

Ак үй Иранга каршы согуштук аракеттер үчүн Конгресстен 80 миллиарддан 100 миллиард долларга чейин кошумча каражат суроону пландаштырууда. Бул каражаттын олуттуу бөлүгү куралдуу кагылышуу маалында түгөнгөн кымбат баалуу жана заманбап курал-жарактардын запастарын толуктоого жумшалат.

Администрация үчүн бир гана жеңилдик — Иран менен болгон согуштун апрель айынан бери чыңалуу сакталганына карабастан ок атышууну токтотуу процессине кириши жана мунун натыйжасында ок-дарыларды колдонуунун кыйла азайышы болду.

Пит Хегсет жетишсиз запастар боюнча кооптонууларды четке кагып, маалымат каражаттарын жана айрым мыйзам чыгаруучуларды бул маселени апыртуу менен айыптады.

Тайвань болсо Иранга каршы согуш учурунда Кытай тараптан болушу мүмкүн болгон аскердик агрессияны алдын алуу максатында Трамп администрациясын курал сатууну улантууга чакырды.

Тайвандын АКШдагы өкүлү Александр Юи: "Эгерде согуштун чыгышын алдын алууну кааласак, анда Тайвань күчтүү болушу, өзүн коргой алышы керек. Ушул себептен кыйла кубаттуу коргонууга ээ болуу үчүн биз өзүбүзгө зарыл болгон курал-жарактарды сатып ала алышыбыз керек", — деди.

Иликте
Эверест чокусуна бир күндө 274 альпинист чыгып рекорд койду
Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 72 миң 775ке жетти
Президент Эрдоган: Түркия адамзатты "геноциддерге" каршы коргоону улантат
Пакистан АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн дипломатиялык аракеттерди күчөтүүдө
Эрдоган: "Биз адамзатты геноцидге каршы коргоону улантабыз"
Зеленский Орусиядагы Сызрань мунай иштетүүчү заводуна кол салгандарын билдирди
Министр Фидан Глобалдык Сумуд активисттеринин өлкөгө алып келиниши пландалганын айтты
"Хизбулла" акыркы 24 сааттын ичинде Ливандын түштүгүндө Израиль күчтөрүнө каршы 24 чабуул жасады
Түштүк Корея Эбола вирусунун жайылышынан улам Угандага саякаттоо боюнча эскертүүсүн күчөттү
Түркиянын БУУдагы өкүлү дүйнөлүк кризистерде гуманитардык укук ырааттуу колдонулушу керектигин айтты
Брюсселде "Өзгөрүп жаткан коопсуздук чөйрөсүндө Түркия жана НАТО" панели өткөрүлдү
АКШ Франческа Албанезени санкциялар тизмесинен чыгарды
Римде "Анкара НАТО саммитинин контекстинде Альянстын түштүк канаты" аттуу панелдик талкуу өттү
Эрдоган Судандын премьер-министри Идрис менен жолугушууда Судандын эгемендигине колдоосун кайталады
Түркиянын Тышкы иштер министри Швециядагы НАТО сүйлөшүүлөрүнө Анкара саммитинен мурун барат