СПОРТ
1 мүнөт окуу
Түркия Парагвайга жеңилип Дүйнөлүк кубоктон чыкты
Түркиянын футбол боюнча улуттук курама командасы тайпадагы экинчи беттешинде Парагвайга каршы 1:0 эсебинде жеңилди. Атаандаштары биринчи таймда 10 кишиге чейин азайганына карабастан, Түркия упай киргизе албай, турнирден четтетилди.
Түркия Парагвайга жеңилип  Дүйнөлүк кубоктон чыкты
Түркия-Парагвай беттеши АКШнын Калифорния штатындагы Санта-Клара шаарында жайгашкан «Сан-Франциско Бей Ариа» стадионунда өттү. (АА)

Түркиянын футбол боюнча улуттук курама командасы D тобундагы экинчи беттешинде Парагвайга 1:0 эсебинде утулуп 2026 ФИФА Дүйнөлүк кубогунан чыкты.

Калифорниянын Санта-Клара шаарындагы Сан-Франциско булуңундагы стадиондо өткөн беттеште Парагвайдын голун Матиас Галарза оюндун 65-секундасында киргизди. Бул турнирдеги эң эрте киргизилген гол болду.

Парагвайлык Мигель Альмирон биринчи таймдын аягында Мерт Мүлдүр менен болгон талаш-тартышта оозун колу менен жапканы үчүн түздөн - түз кызыл карточка алды. Видео жардамчы калыстын (VAR) изилдөөсүнөн кийин кабыл алынган бул чечим ФИФАнын Дүйнөлүк кубоктогу дискриминациялык тилди жашырууга жол бербөөгө багытталган жаңы эрежесинин биринчи учуру болгону кабарланууда.

Атаандаш команда 10 киши калгандан кийин, Түркия бтопко 80 пайыз ээ болду, 32 жолу сокку уруп, 12 жолу бурчтан сокку урду. Бирок Парагвайдын коргонуусун жана дарбазачысын өтө албаган улуттук курама команда теңдөөчү голду киргизе алган жок.

Биринчи беттешинде Австралияга 2:0 эсебинде утулган Түркия Парагвайга каршы упай топтой алган жок, эки беттештен кийин нөл упай менен калды. Бул жыйынтык менен жана D тобундагы жыйынтыктарды эске алганда, улуттук курама команданын 32-турга чыгуу мүмкүнчүлүгү калган жок.

Парагвай болсо алгачкы жеңишине жетишип, тайпадан чыгуу үмүтүн акыркы оюнга калтырды. Түркия тайпадагы акыркы беттешин 25-июнда үй ээси — Америка Кошмо Штаттарына каршы ойнойт.

Иликте
Түркия CICA саммитинде кабыл алынган Баку декларациясын кубаттады
Россиянын дрон чабуулдарынан улам Украинанын Волынь облусунда 370 миң адам электр жарыгысыз калды
Трамптын Зеленскийге реакциясы: "Путин менен иштешүү оңоюраак"
АКШда башталгыч мектептеги куралдуу кол салуудан 3 окуучу жана 1 мугалим каза болду
Бешикташ УЕФА Европа Лигасынын эки беттешинде эки жеңишке жетишти
Нигерияда Боко Харамдын аскердик базага кол салуусунан 14 адам каза болду
Израилдин аскерлери Сириянын аймагындагы үйлөрдү тинтип, айыл чарба жерлерине ок чыгарышты
Фидан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммиттинде сөз сүйлөдү
Президент Эрдоган Өзбекстандын президенттик администрациясынын башчысы Мирзиёеваны кабыл алды
Кытай менен Түндүк Кореянын ортосундагы чек ара көпүрөсү 12 жылдан кийин ачылды
Пезешкиан: Өлкө революциядан бери эч качан мындай катуу кысымга жана кыйынчылыктарга туш болгон эмес
Бельгиянын Фламанд аймагында Батыш Нил вирусунан эки адам каза болду
Министр Фидан Бакуда Азербайжандын президенти Алиев тарабынан кабыл алынды
CICA саммитинде Израилдин президенти сүйлөп жатканда көптөгөн өлкөнүн өкүлдөрү залдан чыгып кетишти
Орусия: "АКШга дизель жеткирүү 2-3 жуманын ичинде башталышы мүмкүн"