2027-жылы Сауд Арабиясында өтө турган АФК Азия Кубогу кожоюн өлкөгө кол салуулардан улам кийинкиге жылдырылды.
Азия Футбол Конфедерациясы (АФК): "2027-жылдын 7-январынан 5-февралына чейин өтүшү пландалган турнир 2027-жылдын 23-декабрынан 2028-жылдын 21-январына чейин өткөрүлүшү пландалууда", - деп жарыялады.
Билдирүүдө кошумчалангандай: "АФК Азия Кубогунун уюштуруу комитети аймактагы окуялардан, олуттуу логистикалык кыйынчылыктардан жана саякаттоонун үзгүлтүккө учурашынан улам улуттук курама командалар үчүн бул маанилүү турнирдин графигин өзгөртүүнү бекитти. Турнирдин жаңы даталары бекитилиши үчүн ФИФАга берилет".
Йемендеги хуситтер бир топ убакыттан бери Сауд Арабиясынын борбору Эр-Риядга жана башка көптөгөн аймактарга баллистикалык ракета жана дрондор менен кол салып жатышат.






















