Зеленский АКШ менен кен байлыктар боюнча келишимге сереп салды
Украин лидеринин айтымында, АКШ менен биргелешкен фонд абадан коргонуу системаларын алып келип, келечектеги инвестицияны камсыздап, Орусияга каршы “камсыздандыруу” ролун аткарышы мүмкүн.
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында АКШ менен Украинанын кен байлыктары боюнча жаңы келишимди «утуш-утуш» деп мүнөздөдү. Ал бул келишим абадан коргонуу системаларын өлкөсүнө өткөрүп берүүнү камсыздап, стратегиялык байланыштарды тереңдете аларын белгиледи.
Зеленский ишемби күнү борбор калаа Киевде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, пайдалуу кендерди казып алуу жана кайра иштетүү боюнча биргелешкен инвестициялык фонд түзүүнү караган келишим Украинанын рыногун америкалык инвестициялар үчүн ачарын жана узак мөөнөттүү экономикалык жана коопсуздук өнөктөштүгүн сунуштаганын белгилеп: «Бул кен байлыктар боюнча келишим эки тарапка тең пайдалуу», - деди.
Зеленскийдин билдирүүлөрүн берген Интерфакс-Украинанын кабарына караганда Украинанын президенти: «Мен президент Трампка биздин командалар конструктивдүү түрдө алдыга жылдыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганына жана кол коюунун так күнүн белгилей турганына ишенээримди айттым», - деп билдирди.
Фонд АКШнын инвестициясын коргоп, Украинанын экономикалык келечегине болгон ишенимди арттырарын айткан Зеленский: «Айрыкча абадан коргонуу системалары менен аймагыбызды жана элибизди коргоону максат кылуудабыз. Ошондуктан бул системалардын келишимдин бир бөлүгү болуусуна даярбыз», - деп кошумчалады.
Киев администрациясы Вашингтон менен ага керектүү абадан коргонуу системаларынын санын бөлүштү жана Зеленскийдин айтымында, Трамп бул өтүнүч боюнча иштөөгө даяр экенин билдирди.
Зеленский: «Бул нерселер бекер эмес»,-деп айтып, АКШдан жасалган куралдарды сатып алууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранды.
«Эң мыкты коопсуздук кепилдиги»
Зеленский Конгресс тарабынан 2025-жылга карата бекитилген 15 миллиард долларлык АКШнын аскерий жардам пакетине жана 2026-жылга өзүнчө 15 миллиард долларлык пакетке токтолду. Ал жаңы фонддун алкагында эки траншты тең 2025-жылга алдыга жылдырып өткөрүп алаарын жана Украина акырындык менен өз үлүшүн кайтарып берерин айтты.
«Бул АКШнын 30 миллиард долларлык салымы болот жана Украина өз үлүшүн акырындык менен төлөп берет. Бул келишимди биз талкуулап жатабыз», - деди ал.
Келишимди тарыхый деп сыпаттаган Зеленский бул келишим Украинанын экономикасына кайра инвестиция салууга мүмкүндүк бергенин жана чийки зат экспортунан тышкары узак мөөнөттүү кызматташууну караштырганын айтты.
Ал түшүндүргөндөй, эки тарап тең макул болсо, анда түшкөн пайда Украинанын инфраструктурасын колдоого алат.
Ал Украинада кошумча нарк өндүрүүгө өтүү каалоосун билдирип, ошол эле учурда АКШга чийки затты салыксыз экспорттоого басым жасады. Стратегиялык кен казуу аймактарынын бири Донецктин Покровск аймагында, Орусия менен фронтко жакын жайгашканы маалымдалган.
Зеленский: «Америкалык компаниялар үчүн бул тоо-кен казып алуу келишими азыркы учурда болгон эң мыкты коопсуздук кепилдиги. Трамп мага жеке өзү айтты, мен муну абдан олуттуу кепилдик катары көрөм: Орусия Украинага тие албайт, анткени биз азыр өнөктөшпүз», - деди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Трамп менен жолугушуусунда АКШнын Орусияга каршы санкцияларын кеңейтүү маселесин да көтөргөнүн айтып, Америка президентинин жообун «өтө күчтүү» деп сыпаттап, бирок майда-чүйдөсүнө чейин айткан жок.