Хамас бардык Палестиналык топтор менен бирге улуттук диалогго даяр экенин билдирди

Палестиналык каршылык көрсөтүү уюму Хамас Газадагы ок атышууну токтотууга берилгендигин билдирип, Израилди гуманитардык шарттарды саясий курал катары колдонуу менен айыптады.

ХАМАС бардык палестиналык фракциялар менен улуттук диалогго кирүү алдында турганын жарыялады. / AA

ХАМАС бардык палестиналык фракциялар менен улуттук диалогго кирүү алдында турганын жарыялады.

Хамас бул билдирүүнү өз делегациясы менен ФАТХ тобунун делегациясынын ортосунда Каирде Египеттин ортомчулугунда өткөрүлгөн жыйын менен бир убакта жасады. Жыйында Газада ок атышууну токтотуу келишиминин экинчи этабы жана аймактын келечеги талкууланды.

Хамасстын басма сөз катчысы Хазем Кассем "Анадолу" агенттигине берген маегинде, кыймылдын "Палестина башкаруусу жана башка улуттук күчтөр менен ачык жана сунулган колдор менен улуттук диалогго багыт алганын" белгилеп, башкаруу "эске албай коюуга мүмкүн болбогон Палестина институттарынын бири экенин" баса белгиледи.

Касем жетекчилерди "Газадагы учурдагы улуттук консенсуска ылайык келүүгө жана ачык ой жүгүртүү менен диалогго келүүгө" чакырып, "эми улуттук биримдиктин убагы келгенин жана тар партиялык кызыкчылыктардан улуттук кызыкчылыктарды жогру коюу керектигин" билдирди.

Кассем "азыркы учурдун бир гана Хамас үчүн эмес, Газа жана Батыш Шериадагы бардык палестиналыктар үчүн кооптуу" экенин эскертти.

Хамасстын катчысы кыймылдын Газадагы ок атышууну токтотуу келишимин "бардык майда-чүйдөсүнө чейин" аткарууга толук берилгендигин кайталап, ортомчуларды Израилди келишимди сактоого мажбурлоо үчүн кысым көрсөтүүгө чакырды.

Хамасстын өкүлү кыймылдын Газадагы ок атышууну токтотуу келишимин "бардык майда-чүйдөсүнө чейин" аткарууга толук берилгендигин кайталап, ортомчуларды Израилди келишимди сактоого мажбурлоо үчүн кысым көрсөтүүгө чакырды.

Экинчи этап

Кассем экинчи этапка байланыштуу "ортомчулар менен дагы талкуулоо жана түшүндүрмө талап кылынарын" белгилеп, "бул этап кеңири чөйрөдөгү маселелерди жана деталдуу мамилелерди талап кылган татаал маселелерди камтыйт" деп билдирди.

ХАМАСтын негизги максаты "Газа тилкесиндеги Палестина элине каршы согушту толугу менен жана биротоло токтотуу" экенин баса белгиледи.

Израилди "гуманитардык шарттарды саясий соодалашуу куралы катары колдонууда" деп айыптаган Кассем мунун Израилдин "Газа блокадасында көп жылдардан бери колдонуп келе жаткан ыкмасы" экенин билдирди.

Кассем жардамдарды Газага тез арада жеткирүүгө жана кайрадан ачарчылык коркунучун алдын алуу үчүн чара көрүүгө чакырды.