Түркиядагы тиешелүү мекемелердин акыркы мезгилде эң көп убакыт жана күч жумшаган багыттарынын бири шексиз Ирак болду. Эки өлкөнүн делегациялары саясий, аскердик жана экономикалык сыяктуу негизги тармактарда даярдаган жол картасы өткөн күндөрү эң жогорку деңгээлде кол коюлуу менен ишке аша баштады.
Сүйлөшүү столунда ар кандай темалар болгону менен, энергетиканын процесстин кыймылдаткыч күчү болору жашыруун эмес. Анкара менен Багдаддын билдирүүлөрү процесстин мунай, куурлар жана энергия менен камсыздоо сыяктуу актуалдуу жана маанилүү маселелер аркылуу алдыга жыларын көрсөтүүдө.
Ирак жаңы тышкы саясат процессине кирди
ORSAM Ирак изилдөөлөрүнүн координатору Фейзуллах Туна Айгүн акыркы жылдардагы айрым окуялар менен бирге Багдад өкмөтүнүн тышкы саясатта өзүн чектеп келген тоскоолдуктардан арыла баштаганын баса белгиледи.
Аймактык актерлор менен тыгыз кызматташууну максат кылган Ирактын эң чоң таянчы — Өнүктүрүү жолу долбоору. Бул долбоордун жана сүйлөшүүлөрдөгү башка демилгелердин ишке ашуусу үчүн Ирактын жалгыз өзү аракет кылуусу дээрлик мүмкүн эмес. Айгүндүн айтымында, аймактагы эң маанилүү күчтөрдүн бири болгон Түркия дал ушул жерден ишке аралашууда.
«Түркия менен Ирактын биргелешкен кадамдары абдан кеңири аймакка таасирин тийгизет»
Айгүн бул жерде маанилүү нерсеге токтолду. Мисалы, жакынкы убакытка чейин Ирак маалымат каражаттарында: «Түркия биздин суубузду тосот. 48 сааттын ичинде суу түгөнөт»,- деген сыяктуу чындыкка дал келбеген жаңылыктар чыкканын эске салды. Албетте, мындай кабарларды Анкара менен Багдаддын ортосундагы ыктымалдуу оң нуктагы мамилени бузгусу келген тараптардын уюштурганын да кошумчалады. Бирок делегациялар ортосундагы сүйлөшүүлөр жана жыйынтыгында лидерлердин ортосунда ишеним орногондон кийин мунун баары ылдам эле артта калганын баса белгиледи. Бүгүнкү күндө күн тартибиндеги эң маанилүү маселелердин бири — Ирактын түндүгүнөн мунай сатуу экенин айтып, сөзүн төмөнкүчө улантты: «Ирак негизинен түштүк кендеринен мунай сатчу. АКШ-Израиль-Иран согушуна чейин бул кендерден күнүмдүк мунай сатуу 4,5 миллион баррелди түзгөн. Бирок, согуш бир топ төмөндөөгө алып келди. Күнүнө 4,5 миллион баррел болгон олуттуу көрсөткүч айына 30 миллион баррелге чейин төмөндөдү.
Бул маалыматты процесстин каржылык жагы менен бирге карап чыгуу керек. Ирактын кирешесинин 90% мунай сатуудан түшөт. Бул жердеги көйгөй казынага жана чындыгында өлкөдөгү бардык нерсеге түздөн-түз жана терс таасирин тийгизет. Кризис терең, анткени мунай сатуу болбосо, Ирактын башка киреше булагы жок.
Түркия мына ушул жерде аракетке өтүүдө. Ирактын түндүгүндөгү куурду кайрадан пайдалуу абалга келтирүүгө жол ачууну каалайт. Негизинен бул мунай кууру Ирактын түштүгүнөн түндүгүнө чейин жеткен тармактын кайрадан иштешине мүмкүнчүлүк түзөт. Эгер пландалган ойлор ишке ашса, Ирак түштүк кендериндеги мунайды өлкөнүн түндүгү аркылуу да сата алат. Ачык булактарга караганда, учурда 10 пайыз менен чектелген түндүк аркылуу сатуу ушундайча 50 пайызга чейин жогорулайт. Бул болсо Ирак казынасы үчүн абдан баалуу киреше дегенди билдирет».
Ормуз кысыгында калган мунай үчүн да чыгуу жолу болот
Кабардын башында «Түркия менен Ирактын жакындашуусу бул эки өлкөдөн дагы көп кенен аймакка оң таасирин тийгизет»,-деп айттык
Фейзуллах Туна Айгүн буга да токтолду. Булуң өлкөлөрүнөн дүйнөгө таратылган мунай согуштун айынан Ормуз кысыгында калганын эске салды. Өзгөчө Ормузда абал оңолсо да мурдагы тартип сакталып калабы же жокпу деген суроону жаратууда. Иран да АКШ да Ормуздагы өткөөлдөрдөн акча ала аларын бат - бат сөз кылууда. Айгүн Түркиянын колдоосу менен Ирактагы инфраструктураны өнүктүрүү, заманбапташтыруу жана жыйынтыгында жакшы иштеген моделге айландыруу Перс булуңу аймагына да түздөн-түз таасирин тийгизерин айтты.
«Ормузда калган Жакынкы Чыгыш жана Булуң мунайы Ирак аркылуу ачыла турган куур менен башка географиялык аймактарга тарашы мүмкүн», — деди жана сөзүн төмөнкүчө жыйынтыктады: «Ирактагы мунай куурлары үчүн Түркиянын мааниси чоң экенин айттык. Бирок процесс муну менен гана чектелбейт. Белгилүү болгондой, Ирактын Керкүк кендериндеги чийки мунайды Сирия аркылуу Жер Ортолук деңизиндеги Банияс портуна жеткирген тилке да бар эле. Бул энергия кууру 2003-жылы АКШнын оккупациясы учурунда зыян тартып, узак убакыт бою жабык турган. Эми бул куурду да кайрадан иштетүү күн тартибинде турат. 30 айлык эмгектин натыйжасында аны бутуна тургузууга болору айтылууда. Албетте, бул жерде да Түркиянын кандайдыр бир деңгээлде ролу болот. Ирак жана Сирия жетекчилиги менен болгон мамилеси жаңы нукка бурулган Анкаранын бул процессте да активдүү роль ойношу күтүлүүдө. Аймактагы экономикалык жана энергетикалык архитектуранын иштеп турушунун негизги себеби — Ормуз кысыгынын ачык болушу жана баары тарабынан кандайдыр бир жол менен колдонула алышы эле. Эми бул абал жоюлду. Пуззлдын эң чоң бөлүгү бузулду. Ошондуктан, альтернативдик линия өтө маанилүү. Түркия Ирак менен курууну каалаган бул жаңы процесс, биз айткан кайра долбоорлоонун эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири болот."


















