ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия Израилдин аймакты "апаатка" алып келгендигин айтып ислам биримдигине чакырды
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан мусулман өлкөлөрүн Израилдин Жакынкы Чыгыштагы ырайымсыз кол салууларына каршы Ирандын жанында болууга чакырды.
Түркия Израилдин аймакты "апаатка"  алып келгендигин айтып ислам биримдигине чакырды
/ AA

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан мусулман өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө Израилдин Иранга карата чабуулдары менен аймакты "апаатка" түртүп жатканын айтып, дүйнөлүк державалардын согуштун кеңейип кетишине жол бербеши керектигин баса белгиледи.

Стамбулда Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) тышкы иштер министрлеринин жыйынында сөз сүйлөгөн Фидан мусулман өлкөлөрүн Израилге каршы Иранды колдоого чакырды жана Газадагы геноцид согушу менен Ливан, Сирия, Йемен жана Иранга карата чабуулдардан кийин аймактын бир “Израиль маселеси” болгонун айтты.

«Газада геноцидди улантып, басып алган бардык жерлерде кан төгүп жаткан Израиль эми коңшубуз Иранга кол салуу менен аймакты бүтүндөй алааматтын кырына сүйрөп жатат»,-деген Фидан кеңешмелерде биринчи кезекте «чек билбеген агрессияны» токтотуу үчүн күчтүү позицияга көңүл бурула турганын кошумчалады.

Жыйын Израилдин Иран, Ливан жана Газага кол салууларынын күчөшүнөн улам чыңалуу күчөгөн учурда өткөрүлдү.

‘Израиль маселеси’

Министр Фидан Израилдин уланып жаткан агрессиясы жана басып алуу саясаттары аймакта каралышы керек болгон Израиль маселеси бар экендигин ачыкка чыгарганын баса белгилеп: “Бул маселе Палестинанын, Ливандын, Сириянын жана Ирандын маселеси эмес. Бул маселе ачык эле Израилдин маселеси”,- деди.

Фидан Түркиянын президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чыңалууну азайтуу үчүн дипломатиялык аракеттерди колдоого даяр экенин кошумчалады.

Фидан ИКУга мүчө мамлекеттерди биримдикте иш алып барууга жана Израилдин чагымчылдыгына каршы Иран менен бекем тилектештикти көрсөтүүгө чакырды.

“Ислам Кызматташтык Уюмунун мүчө өлкөлөрү биримдикте иш алып баруусу керек, жана биз ИКУнун мүчө өлкөлөрү Ислам Республикасы Иран менен чыныгы тилектештикти көрсөтөрүнө ишенебиз,” - деп кошумчалады Фидан.

Иликте
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"
Анкара НАТО саммитине  негизги эл аралык медиа борборун даярдады
Сабиха Гөкчен аэропорту жүргүнчүлөр боюнча рекордго жетти
Азербайжан Украинадагы SOCAR объектисине жасалган кол салууга байланыштуу Россияга нота берди