Dhaka Tribune гезитинин маалыматына караганда, Бангладештин Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Саламаттыкты сактоо кызматтарынын башкы директорлугу өлкөдөгү кызамык эпидемиясына байланыштуу жаңыланган маалыматтарды жарыялады.
Билдирүүдө 15-марттан бери кызамыкка окшош симптомдорду көрсөткөн 1097 бала жана кызамык диагнозу коюлган 104 бала каза болгону айтылды.
Ошол эле мезгилде 190 миң 663 адам кызамыкка шектүү деп ооруканага жаткырылганы, алардын 183 миң 42си айыгып ооруканадан чыгарылганы кабарланды.
Билдирүүдө кызамыкка окшош симптомдорду көрсөткөндөрдүн саны 214 551ге, ал эми тастыкталган учурлардын саны 23 157ге жеткени баса белгиленди.
Өлкөдө март айында башталган шашылыш эмдөө өнөктүгүндө алгач 6 айдан 5 жашка чейинки балдарга артыкчылык берилип, кийинчерээк эмдөө процесси акырындык менен бүткүл өлкөнү камтуу үчүн кеңейтилген.
Пневмонияга жана энцефалопатияга алып келиши мүмкүн болгон кызамык дүйнө жүзү боюнча вакцина менен алдын алууга мүмкүн болгон өлүмдөрдүн негизги себептеринин бири болуп саналат.




















