Путин Индияда: коргонуу, энергетика жана стратегиялык байланыштар алдыңкы планга чыкты

Россиянын президентинин 2021-жылдан берки алгачкы визити Индиянын Москва менен Вашингтондун ортосундагы тең салмактуулук аракетин баса белгиледи; сүйлөшүүлөрдө коргоо, өзөктүк кызматташтык, соода жана БРИКС маселелери талкууланды.

By
Велосипедчен киши Орусиянын Владимир Путининин жана Индиянын Нарендра Модисинин сүрөттөрү түшүрүлгөн билборддун жанынан өтүп бара жатат. Индия, Нью-Дели, 2025-жылдын 4-декабры. / Reuters

Россиянын президенти президенти Владимир Путиндин бул аптадагы Индияга болгон сапары дүйнөлүк тең салмактуулуктун өзгөрүшү жана Батыштын кысымы күчөп турган учурда коргонуу жана энергетика тармагындагы байланыштарын чыңдоого умтулуп жаткан Нью-Дели үчүн чечүүчү учур катары алдыга чыгууда.

Путин 2021-жылдан бери жана Украинадагы согуш башталгандан кийин жасаган биринчи сапарында, бейшемби күнү 23-Индия–Россия жылдык саммитине катышуу үчүн Индияга барат. Аналитиктердин айтуусунда, эки күндүк сапар Индиянын Москва менен көп жылдан берки өнөктөштүгүн АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы тараптан күчөгөн талаптарга каршы тең салмактоо аракетин сыноодон өткөрөт.

Тараптардын коргонуу, энергетика, ядролук кызматташтык, төлөм механизмдери, BRICS жана Шанхай кызматташтык уюмун камтыган «амбициялуу күн тартиби» тууралуу сүйлөшүүсү күтүлүүдө.

Коргонуу боюнча аналитик Правин Савхней Анадолу  агенттигине берген маегинде : «Бул сапар  Индия үчүн 2025 -  жылдагы  эң маанилүү сапар. Бул  салттуу түрдө  Индиянын досу болгон бир өлкөнүн кенен сапары;  дүйнө олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болуп жаткандыктан, бул убакыт абдан маанилүү», - десе,  саясий аналитик  Правин Донти да сапардын эки тараптын тең “Президент Трамп киргизген жазалоочу тарифтер башта болгон Индияга карата кысым көрсөтүү учурунда карым  - катнаштарын кайрадан бышыктоолоруна” мүмкүнчүлүк бергенин айтты.

Стримсон борборунун Түндүк Түштүк Азия программасынын изилдөөчүсү Акрити Васудева Калянкар бул сапардын Индиянын Москвага карата саясатында салыштырмалуу турукташкан баскычты көрсөтөт деген оюн айтып буларды белгиледи : «Путиндин төрт жылдан кийинки Индияга жасаган биринчи сапары Индиянын тышкы саясатындагы Россия  тууралуу талаш‑тартыштардын негизинен чечилгенин, Москванын жаңы экономикалык өнөктөш жана  технология трансферин каалаганын, пайдалуу коргонуу өнөктөшү катары пайда болгонун көрсөтүүдө”.

Коргонуу жана стратегиялык келишимдер

Саммитте коргонуу маселелери алдыңкы планга чыгары күтүлүүдө, Индия S-400 мобилдик абадан коргонуу системасы сыяктуу системаларды сатып алууну алдыга жылдырууну жана Сухой Су-57 согуштук учактарын талкуулоону көздөйт.

Кийинчерээк Индия өкмөтүнүн өкүлү сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын билдирип, импорттук чечимдер "туруксуз энергетикалык чөйрөдө индиялык керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо зарылдыгынан" улам келип чыкканын баса белгиледи.

Россия учурда Индиянын эң ири мунай жеткирүүчүсү болуп саналат, бирок АКШнын орус компанияларына каршы санкцияларынан кийин көлөм азайды.

Эл аралык Кризистик Топтун өкүлү Олег Игнатов Индиянын орус чийки мунайын оңой алмаштыра албай турганын белгилеп: “Индия ички керектөө жана экспорт үчүн арзандатылган орус мунайына көз каранды. Бул масштабда альтернатива таба албай жатат",- деди.

Ядролук кызматташтык дагы күн тартибинин негизги пункту болууну улантууда. Россия түштүк Тамилнад штатында Куданкулам атомдук электр станциясынын бир нече блогун курууда.

Савхней: "Россия Индияда көптөгөн жарандык ядролук иштерди жасап жатат. Азыр биз кичинекей модулдук реакторлордун кийинки этабына өтүп жатабыз", - деди.

Соода дагы негизги багыт болот; эки өлкө 2030-жылга чейин эки тараптуу сооданы 100 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылууда.

Эки тараптуу соода 2024-25-финансылык жылында рекорддук көрсөткүчкө жетип, 68,7 миллиард долларды түздү — бул пандемияга чейинки деңгээлден дээрлик алты эсе көп.

Савхнейдин айтымында, Россия жетектеген Евразия экономикалык биримдиги менен эркин соода келишими талкууланышы мүмкүн.

Технология жана жасалма интеллект тармагындагы кызматташуу да күн тартибинде.

Батышка карата глобалдык билдирүүлөр

Аналитиктердин айтымында, бул сапар Индиянын тышкы саясаттагы көз карандысыздыгы жөнүндө да кабар берет. "Индия үчүн стратегиялык автономияны көрсөтүү маанилүү", - деди Игнатов.

Игнатовдун айтымында, Москва Индия менен болгон мамилесин тең укуктуу кызматташтык катары көрөт жана бул сапар Европа менен АКШга — басымга карабастан — Нью-Дели менен Москванын коопсуздук, энергетика жана көп тараптуу платформаларда кызматташууну улантууну көздөп жатканын көрсөтүүдө.

“Путин санкциялык кысымга карабастан, Россиянын Индия менен, анын ичинде энергетика тармагындагы экономикалык байланыстарын улантып жатканын көрсөтүүнү каалайт”, — деп кошумчалады.

Бирок, эксперттер Индиянын да, Россиянын да бул сапарды Батышка чакырык катары көрсөткүсү келбей турганын баса белгилешүүдө. Игнатов: «Кызматташтык карым - катнаштар сыяктуу эле, Батышка же АКШга каршы багытталган эмес. Ал өз ара кызыкчылыкка жана экономикалык пайдага негизделген, эч кандай державага каршы багытталган эмес», - деди.

Савхней Индиянын жакында эле АКШ менен 10 жылдык коргонуу алкагына кол койгонун, бул Нью-Делини узак мөөнөттүү стратегия жагынан Вашингтон менен тыгыз байланыштырганын белгиледи.

“Тышкы саясат жана стратегиялык роль жагынан Индия эми сөзсүз түрдө Америкага таянат; Россияга эмес.”

Муну менен бирге Индия 2026-жылы БРИКСтин төрагалыгын өткөрүп алгандыктан Россия жана Кытайды кошкондо, эки өлкө менен тең конструктивдүү мамилелерди сакташы керек болот.

Сонни: «Россия ишенимдүү өнөктөш болууну улантууда. Индия менен АКШнын ортосундагы мамилелер 2026-жылы чыңалган бойдон калышы мүмкүн, бирок Индиянын АКШга болгон милдеттенмеси бекем. Ошол эле учурда орустар мамилелердин өнүгүшүн каалашат», - деди.

Путиндин сапары АКШ менен Россиянын ортосундагы Украина боюнча тынчтык планын талкуулоо күчөгөн мезгилге туш келди — аналитиктердин айтымында, Моди менен Путин бул контекстти эске албай коё алышпайт.

Кальянкар: «Бул динамика Путин менен Модинин өз ара аракеттенүүсүнө таасир этиши мүмкүн жана эки тарап тең бул маанилүү окуялар боюнча пикир алмашышат», - деди.

Игнатов Индиянын Вашингтондун сунуштарына оң баа бергенин билдирип:«Менимче, Индия бул согушту токтотууга кызыкдар, анткени ал Россия менен соода кылууну жана экинчи санкциялардан качууну каалайт», - деди.