Йемен армиясы акыркы 24 саатта жүргүзүлгөн 1164 операцияда 558 хусит мүчөсү таасирсиз кылынганын кабарлады.
Армиянын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө "Йемен таңы" операциясынын алкагында хуситтерге каршы жүргүзүлгөн аскердик операциялар тууралуу маалымат берилди.
Билдирүүгө ылайык, акыркы 24 саатта хуситтер жайгашкан аймактарга, унааларына жана позицияларына каршы 1164 так операция жүргүзүлүп, 558 хусит согушкери таасирсиз кылынды.
СУНУШТАЛАТ
Өлкөнүн түштүгүндөгү Мариб жана Таиз провинцияларында хуситтерге таандык көптөгөн баш калкалоочу жайлар табылып, көп сандаган оор курал-жарактар жана аскердик техникалар колго түшүрүлдү.
Йеменде 5-октябрда башталган "Йемен таңы" операциясы уланууда.




















