ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Россия Пасха ок атышпоосунан кийин Украинага карата кол салууларын кайрадан баштады
Зеленский жарандык инфраструктурага карата кол салуулардын кеминде 30 күн токтотулушу тууралуу сунушуна Россиядан "так жооп" күтүп жаткандарын айтты.
Россия Пасха ок атышпоосунан кийин Украинага карата кол салууларын кайрадан баштады
Ukrainian servicemen fire a Grad MLRS towards Russian troops near the frontline town of Pokrovsk
22 Апрель 2025

Россия Украинага аба соккуларын кайра баштап, Пасха майрамына карата түзүлгөн келишимди чукул токтотту. Россиянын президенти Владимир Путин Киевдин жарандык объектилерге кол салууларды бир айга токтотуу сунушуна этият мамиле жасоодо.

Дүйшөмбү күн жасалган жаңы кол салуулар АКШнын президенти Дональд Трамптын тараптардын ортосунда кеңири ок атышпоо келишими түзүлөт деген үмүтүн жокко чыгарды. Трамп бир нече саат мурун бул аптада "келишим" түзүлүшү мүмкүн экендигин айткан.

Путин мамлекеттик телеканалга жасаган билдирүүсүндө : “Аскердик аракеттер кайра башталды”,- деди. Бул сөздөр украиналык жетекчилер ишке ашырылган 30 сааттык ок атышпоодон кийин түнү менен учкучсуз учуучу аппараттар жана артиллериялык кол салуулардын болгонун билдиргенден кийин келди.

Эки тарап тең Путин ишемби күнү жарыялаган ок атышпоо учурунда миңдеген эреже бузуунун болгондугун билдиришти.

Путин Украинанын эреже бузууларын тизмелегенден кийин : «Бирок жалпысынан мындай аракеттерде  азаюу болду. Муну ыраазычылык менен кабыл алабыз жана келечекке кароого даярбыз»,- деди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский болсо ок атышпоону ыраазычылык менен кабыл алгандарын бирок Украина армиясынын Россиянын аткарган кыймылы менен «симметриялуу» жооп кайтара тургандыгын эскертти.

Зеленский өзгөчө жаңы бир ок атышпоо сунушун билдирди: кеминде 30 күн узун аралыктуу учкучсуз учуучу аппараттар жана ракеталар менен жарандык структурага карата бардык кол салуулардын токтотулушу.

Зеленский «так жооп» күтүп жатат

Путин бул сунушту «талкуулаша тургандарын» айтты бирок Украинаны ресторандар менен университет сыяктуу жарандык имараттарды аскердик максатта колдонуу менен айыптады. Орус лидер 13 - апрелде Сумы шаарында бир университет имаратынын Украина тарабынан аскердик сыйлык тапшыруу аземи үчүн колдонулгандыгын айтты.

Путин университетке шилтеме жаса: «Бул жарандык объектби же жокпу? Бирок режим бул жарандык объектилерди колдонууда. Бул теманы такташыбыз керек»,- деди. Өзгөчө бул тема тууралуу Украина менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү мүмкүнчүлүктөрдүн ичинде көргөндүгүн да белгилеп: «Баарын анализдеп ошого жараша чечим чыгарабыз»,- деди орус лидер.

Зеленский дүйшөмбү күнү кечки сааттарда  ок атышпоо сунушуна «так жооп» бериши үчүн Россияга чакырык салып: «Украина жок дегенде жарандык структурага кол салбоо сунушун улантууда. Москвадан так жооп күтүп жатабыз. Бул үчүн бардык сүйлөшүүлөргө ачыкпыз»,- деди.

Зеленский шаршемби күнү Украина делегациясынын ок атышпоо сүйлөшүүлөрү үчүн Британия, Франция жана АКШ менен Лондондо жолугушарын жарыялады.

«Колубуздан келишинче конструктивдүү кадамдарга барууга даярбыз», - деп кошумчалады.

 Трамптын "үмүттөрү"

Путиндин ок атышпоо тууралуу жарыясы Трамп жума күнү жасаган жана эгер эки тарапта тең өзгөрүү болбосо АКШнын согушту токтотуу аракеттерин акырына чыгагарын белгилеген билдирүүсүнөн кийин келди.

АКШнын президенти жекшемби күнү эки тарап тез арада келишимге келе алат деген үмүтүн билдирип, бирок кененирээк маалымат берген жок.

“Россия менен Украина ушул жумада келишим түзөт деп үмүттөнөм", - деп билдирген Truth Social платформасында.

Өткөн айда Трамп толук жана шартсыз ок атышууну токтотуу сунушун киргизген жана Украина кабыл алган, бирок Путин четке каккан.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Трамптын дүйшөмбүдөгү билдирүүсү тууралуу суроого жооп берип, Москванын АКШнын аракеттеринин “жыйынтык береринен үмүттүү” экендигин айтты бирок сүйлөшүүлөрдүн графиги боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

Иликте
Таиланд мина жарылуусунан кийин Камбоджа менен келишимди токтотту
Кнессет палестиналыктарга өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам долбоорун алдыга жылдырууда
Египетте парламенттик шайлоо башталды
1.4 миллион адам эвакуацияланды, анткени өлүмгө алып келген Фунг-вонг тайфуну Филиппинди уруп өттү
Филиппинде Фунг-вонг бороону күчөп, массалык эвакуация башталды жана каттамдар жокко чыгарылды
Кытай космостук куралдарга тактык жана кубаттуулукту камсыз кылган спутник системасын чыгарды
Филиппинде жакындап келе жаткан бороондон улам тайфунда жоголгондорду издөө токтоду
Кытай Нидерландияны Nexperia боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүүгө чакырды
АКШнын чалгындоо кызматы израилдик юристтерди Газадагы согуш кылмыштары жөнүндө эскертти
АКШ Түштүк Африкада боло турган G20 саммитин бойкот кылат
БУУ: Израиль азыр да жардамдардын Газага киришине тоскоол болууда
Израилдик өнөрпоздор Газадагы геноцидден улам эл аралык айыптоолорго кабылууну улантууда
АКШ Ирандын санкцияларынын жоюулушу тууралуу   сурап жатканын айтты
Иран президенти жакында жамгыр жаабаса Тегеран эвакуацияланышы мүмкүн экенин эскертти
Илон Маск дүйнөдөгү биринчи триллионер болуу жолунда
Сеул армиясы: Түндүк Корея белгисиз баллистикалык ракета учурду
"Калмаеги" тайфуну Филиппинде 188 адамдын өлүмүнө себеп болду
Евробиримдик көбү орусиялык жарандар үчүн көп жолку визаларды токтотот
Судан Ыкчам колдоо күчтөрүнө каршы "өч алуу жана жеңиште" чечкиндүү
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сириянын президенти жана ички иштер министрине карата санкцияларды жойду