Түштүк Корея: Түндүк Корея Орусиядан суу астындагы кемелер боюнча жардам алган болушу мүмкүн

Коргоо министри Ан Гю Бэк парламенттин коргоо комитетиндеги угууда Түндүк Корея суу астындагы кемелерди өнүктүрүү үчүн «ар кандай технологияларды» алган болушу мүмкүн деп айтты.

Түштүк Корея: Түндүк Корея Орусиядан суу астындагы кемелер боюнча жардам алган болушу мүмкүн / Reuters

Түштүк Кореянын коргоо министри Ан Гю Бэк парламент жыйынында сүйлөп жатып, Түндүк Кореянын суу астында жүрүүчү кемелерин өнүктүрүү үчүн Орусиядан техникалык жардам алганынын белгилери бар экенин билдирди.

Дүйшөмбү күнү парламенттин коргоо комитетинде сүйлөгөн сөзүндө Ан Гю Бэк Түндүк Кореянын суу астындагы кемелерин өнүктүрүү үчүн Орусиядан техникалык жардам алганына байланыштуу дадилдер бар экенин баса белгиледи.

Министр Ан буга карабастан Пхеньяндын континенттер аралык баллистикалык ракеталарды учурууга жөндөмдүү суу астында жүрүүчү кемени чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө жетишти деген тыянак чыгарууга али эрте экенин айтты.

Түндүк Корея баллистикалык ракеталарды учура ала турган суу астындагы кемелерди өнүктүрүүнү убада кылып, мындай ракеталарды суу астындагы платформалардан сыноо жүргүзгөн. Бирок Пхеньян чындап эле суу астындагы кемелерден ийгиликтүү учурууну өздөштүргөнү белгисиз.

Ошондой эле Түндүк Корея ядролук энергия менен иштеген суу астындагы кемелерди өнүктүрүүнү көздөп жатат.

Түндүк Корея менен Орусия акыркы эки жылда аскердик кызматташтыгын олуттуу түрдө арттырды. Түштүк Кореянын чалгындоо кызматынын баалоосуна караганда, Пхеньян Украинадагы согушта Орусиянын атынан согушуу үчүн 10 миңден ашуун аскерин жиберип, анын ордуна экономикалык жана аскердик технологиялык жардам алган.