Непалдын Эверест аймагындагы Солукхумбу районундагы Фериче тик учак конуучу аянтчасында эки тик учак кагылышып, бир адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.
Маалыматка караганда, Fishtail Air компаниясына таандык тик учак кар баскан жерге конуп жатканда Air Dynasty компаниясынын тик учагы менен кагылышкан.
Жергиликтүү басылмалар Fishtail Air тик учагындагы чет элдик турист каза болуп, бир учкучтун жаракат алганын жазышты.
Полиция AFP агенттигине бир чет элдик жарандын каза болгонун, дагы бир адамды да жаракат алганын ырастады.
Солукхумбу районунун полиция башчысы Набин Раджа Будхатоки AFP агенттигине: «Чет элдик жаран окуя болгон жерде каза болуп, жаракат алган дагы бир адам ооруканага жеткирилди», — деп билдирген. Ал окуянын чоо-жайы тууралуу кошумча маалымат берген эмес.
Непалда чакан тик учактар туристтерди, альпинисттерди жана ар кандай жүктөрдү ташуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда адамдарды эвакуациялоо үчүн кеңири колдонулат.
Өлкөнүн татаал географиясы жана аба ырайынын тез өзгөрүшү авиациялык каттамдарды өзгөчө кооптуу кылат.
Дүйнөдөгү эң бийик 14 тоонун сегизи, анын ичинде Эверест жайгашкан Непалга жыл сайын миңдеген чет элдик альпинисттер жана жөө саякатчылар келишет.

















