САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Трамп Киевге курал-жарак убада кылып, Зеленскийге "Москваны бутага алба" деди
Трамптын акыркы билдирүүлөрү, Financial Times гезитинин АКШнын президенти Украинаны Орусияга каршы чабуулдарын күчөтүүгө үндөгөн деген билдирүүсүнөн кийин айтылды.
Трамп Киевге курал-жарак убада кылып, Зеленскийге "Москваны бутага алба" деди
/ Reuters

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Москваны бутага албашы керектигин маалымдады.

Трамптын бул билдирүүлөрү шейшемби күнү The Financial Times гезитинде Трамп Украинаны Орусияга каршы чабуулдарды күчөтүүгө үндөдү деген кабардан кийин айтылды. Кабарда Трамп Зеленскийден эгер алыс аралыкка атуучу курал-жарактар сатылып алынса, АКШ Москвага чабуул коёбу деп сураганына көңүл бурулду.

Дүйшөмбү күнү Трамп Киевге көбүрөөк курал-жарак жөнөтүлөөрүн жана Орусиянын Украинадагы аскерий чабуулдарынан улам Орусияга каршы катаал позицияны карманарын жарыялаган. Кремлге 50 күндүк мөөнөт берген Трамп эгер жаңжал токтобосо, кеңири масштабдуу экономикалык санкцияларды киргизээрин билдирди.

Трамп менен НАТОнун баш катчысы Марк Рютте, Европадагы НАТО өлкөлөрү АКШдан курал-жарак, анын ичинде миллиарддаган долларлык Patriot ракетадан коргонуу системаларын сатып алып буларды Украинага жөнөтүшүн камтыган келишимди жарыялашты.

Трамп көптөн бери АКШнын Украинаны куралдандыруудагы ролун сындап келсе, НАТО азыр Киевге жөнөтүлгөн курал-жарактын көбү үчүн Европанын жооптуу экенин баса белгиледи.

Ал арада Германия, Дания, Швеция жана Нидерландия сыяктуу Европа өлкөлөрү АКШнын жаңы планына кошуларын же кошулууну караштырып жатканын жарыялашты.

АКШ Украинаны куралдандырууда “жүктү бөлүшүсү керек”

Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас АКШ Украинаны куралдандырууда “жүктү бөлүшүшү керек” деп билдирди.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жыйынынан кийин Каллас: «Президент Трамптын Украинага дагы көп курал жөнөтүү чечимин кубаттайбыз, бирок АКШнын жүктү тең бөлүшүүсүн каалайбыз»,-деди. Ал ошондой эле: "Эгер сиз курал-жарак берем деп убада кылып анын акысын башка бирөө төлөйт десеңиз, бул чындыгында сизден берилген убада эмес" деди.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков шейшембиде АКШ, НАТО жана Евробиримдиктин Украинага аскерий жардам көрсөтүү боюнча чечимдери Киев тарабынан “согушту улантууга дем берүү” катары кабыл алынарын билдирди. Москвадагы басма сөз жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Песков Европадан келген саясий билдирүүлөр тынчтыкты көздөгөндүн ордуна кагылышууну күчөтөт деп баса белгиледи.

Песков Орусия Украина менен түз сүйлөшүүлөргө ачык экенин жана сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы үчүн сунушталган даталарды күтүп жатканын айтты.

Ал "Биз даярбыз, бирок Киевден эч кандай сунуш ала элекпиз. Вашингтон менен Европа диалогду каалайбыз дешет, бирок алардын иш-аракеттери тескерисинче көрсөтүп жатат" деп кошумчалады.

Иликте
Израиль Ливанда ок атышпоо келишимин бузуп, 7 кишини набыт кылды
Түркия волейбол боюнча мелдеште Германияны 3:2 эсебинде жеңди
Италиянын сегиз шаарына катуу ысыктан улам «кызыл» кооптуу абал жарыяланды
Бурханеттин Дуран: "Газадагы окуялар эсте калууда"
Министр Шимшек: Энергетикадагы трансформацияны тездетүү менен  туруктуулукту күчөтүп жатабыз
Түркия Парагвайга жеңилип  Дүйнөлүк кубоктон чыкты
Виткофф менен Аракчи сүйлөшүү үчүн Швейцарияга барат
Түркия менен Сириянын ортосунда саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагында кызматташуу
Пакистандын түндүк  - батышында болгон бомбалуу эки кол салууда  7 киши каза болду
Президент Эрдоган Сингапурдун премьер-министри Вонгду расмий салтанат менен тосуп алды
Россиянын Украинадагы кол салууларында  6 киши каза болду
Отчет: 2025-жылы Грецияда төрөлүү көрсөткүчү төмөндөдү
Түркия жана дагы 7 өлкө баскынчы израилдик күчтөрдүн Батыш Шериадагы чабуулдарын катуу айыпташты
Түркия менен Кыргызстандын ортосунда шаар курулушу жаатында кызматташтык келишимине кол коюлду
Орусия: Украина Запорожье атомдук электр станциясындагы транспорттук имаратка кол салды