Орусияга караштуу Башкортостан Республикасындагы мунай иштетүүчү завод пилотсуз учуучу аппараттар тарабынан жасалган чабуулдан жабыркады.
Башкортостандын президенти Радий Хабиров жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө аймакка дрондор менен кол салуу болгонун айтты.
Хабиров кол салуунун натыйжасында мунай иштетүүчү заводдо өрт чыгып, зыян тарканын баса белгиледи.
Хабиров ошондой эле дрондордун бири Уфадагы үйгө тийип, индиялык студент жаракат алганын кабарлады.
Ал эми Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, түн ичинде борбор калаа Москваны кошкондо өлкөнүн ар кайсы аймактарында абадан коргонуу системалары тарабынан 453 украиналык дрон жок кылынганы маалымдалды.
Москва шаарынын мэри Сергей Собянин да социалдык медиа аккаунтунда шаарга карай учуп бараткан 25 дрон жок кылынганын жарыялады.




















