ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Ахлатта үйлөрүнө жайгашкан Ахыска түрктөрү өздүк күбөлүктөрүн да алышты
2022-жылы Украинадан эвакуацияланып, Түркияга алып келинген жана өткөн айда Битлстин Ахлат районундагы туруктуу үйлөрүнө жайгашкан Ахыска түрктөрү Түркия Республикасынын өздүк күбөлүктөрүн алышты.
Ахлатта үйлөрүнө жайгашкан Ахыска түрктөрү өздүк күбөлүктөрүн да алышты
Ахлатта үйлөрүнө жайгашкан Ахыска түрктөрү өздүк күбөлүктөрүнө да ээ болушту

Орусия-Украина согушунан улам 2022-жылы Түркияга алынып келинип, өткөн айда Битлстин Ахлат районуна жайгаштырылган Ахыска түрктөрү Түркия Республикасынын жарандары катары райондо тынчтык жана коопсуздукта жашоосун улантууда. 

1944-жылы өз жерлеринен ар кайсы өлкөлөргө сүргүнгө айдалган жана андан кийин 2022-жылы президент Режеп Тайип Эрдогандын буйругу менен Украинадан эвакуацияланып, алгач Элазыгдагы убактылуу баш калкалоочу жайга жайгаштырылган Ахыска түрктөрүнө Ахлаттын Тунус конушунда 371 үй курулган. 

Өткөн айда үйүнүн ачкычтары берилген Ахыска түрк үй-бүлөлөрүнө керектүү процедуралар аткарылгандан кийин Түркия Республикасынын өздүк күбөлүктөрү да тапшырылды. 

Көп жылдык миграция жана жер которуудан улам кыйынчылыкка туш болгон үй-бүлөлөр эми алар үчүн түзүлгөн жаңы конуш аймагында тынчтык жана коопсуздукта жашай башташты. 

Ахыска түрктөрү көптөгөн жылдарга созулган кыйынчылыктардан кийин өз үйлөрүнө жетүүнүн жана Түркия Республикасынын жараны болуунун кубанычын сезип жатышат.

Иликте
Халук Гөргүн: "Коргонуу өнөр жайыбыздын күчү жаштарыбыздын акылы жана жүрөгү"
Трамп Түркияга карата CAATSA санкцияларын жоюуга оң көз карашын билдирди
Тышкы иштер министрлигинин "Түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы күнүнө" карата билдирүүсү
Россия Киевде бир көпүрөгө сокку урду, жол кыймылы токтоду
Трамп: "Эгерде Иран маселеси чечилсе, мунайдын баасы төмөндөйт"
Европа Биримдиги Украинага 2,9 миллиард евро өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт
Гүлер: "Кавказдын коопсуздугу Түркия, Азербайжан жана Грузиянын коопсуздугунан бөлөк каралбайт"
Россияда ички рынок турукташкандан кийин бензин экспорту кайра жандана турганы белгиленди
Путин Россияга түз кол салуу болсо бардык куралдардын колдонулушу күн тартибине келерин белгиледи
Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола вирусунан 3982 адам каза болду
Түркия хуситтердин Мединадагы жарандык инфраструктурага кол салуусун катуу айыптады
Улуттук коргоо министри Гүлер азербайжандык жана грузиялык кесиптештери менен жолугушту
ТЕКНОФЕСТтин Түштүк  - Чыгыштагы үчүнчү күнү
Кыргызстан алгачкы улуттук спутнигин космоско учурду
Еврпа Биримдиги: Россиян тузагына түшпөйбүз, коркутуу жана үркүтүү тактикаларын ачыкка чыгарбайбыз