ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израиль армиясы оккупациядагы Батыш Шериада балдар да болгон 35 палестиналыкты уурдады
Израилдин аскердик кол салуулары оккупация астындагы Батыш Шериада бир топ шаарды бутага алып, адам укуктары уюмдары туткундардын арасында балдар менен мурдагы туткундардын да бар экендигин билдирди.
Израиль армиясы оккупациядагы Батыш Шериада балдар да болгон  35 палестиналыкты уурдады
/ AP

Адам укуктары уюмдарынын билдиргенине караганда Израиль күчтөрү оккупация астындагы  Батыш Шериада түнү менен жүргүзгөн рейддерде араларында балдар менен мурдагы туткундар да болгон кеминде  35 палестиналыкты уурдады.

Палестиналык туткундар ассоциациясы менен Палестинанын туткундар жана мурдагы туткундар иштери боюнча комиссиясы шейшемби күнү тараткан биргелешкен билдирүүгө ылайык, уурдоо Наблус, Салфит, Калкилья, Женин, Тулкарем, Аль-Халил жана Бетлехем шаарларында болгон.

Палестиналык булактардан алынган маалыматка караганда, Израиль күчтөрү 2023-жылдын октябрынан бери басып алынган Батыш Шериада 18 миңден ашуун палестиналыкты уурдап кетти. Бул санга ошол эле мезгилде Газада кармалган миңдеген киши кирбейт.

Адам укуктары уюмдары Израилдеги ооруканаларда учурда 10.800гө жакын палестиналык туткундун бар экенин билдиришүүдө. Булардын арасында 50 аял,  450 бала жана Израилдин сынга алынган «административдик камакка алуу» саясаты боюнча эч кандай айыптоо жана соттолбостон камалган 3629 адам бар.

Шейшемби күнү Израиль аскерлери Хеврондун Аль-Фахс өнөр жай аймагындагы фабрикада жүргүзгөн рейд учурунда 12 палестиналыкты жаралап, 2 кишини  барымтага алышкан.

Палестинанын Кызылай коому медициналык топтордун Израиль аскерлери тарабынан токмок жеген жаралуу жумушчуларды дарылап, ооруканага жеткиргенин билдирди.

 Күбөлөрдүн айтымында, аскерлер рейд учурунда жумушчуларга кол салып, аймактан чегинүүдөн мурун эки кишини уурдап кетишкен.

 Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Израилдин Газадагы геноциди башталган 2023-жылдын октябрынан бери израилдик күчтөр жана оккупацияланган Батыш Шериада мыйзамсыз отурукташкандар тарабынан кеминде 998 палестиналык  өлтүрүлдү жана 7000ден ашуун  киши жаракат алды.

 Өткөн июль айында Эл аралык сот Израилдин Палестина жерлерин басып алуусун мыйзамсыз деген көз карашты жарыялаган жана басып алынган Батыш Шериа  менен Чыгыш Кудстагы бардык мыйзамсыз конуштарды бошотууга чакырган.

 

 

Иликте
Түркиянын чыгышында 5 баллдык жер титирөө болду
Венесуэладагы жер титирөөлөрдө каза болгондордун саны өсүүдө: 5,069 адам каза болду
Украинанын дрондук учактарынын чабуулунан Россияда жети адам каза болуп, 24 адам жаракат алды
Зеленский Одесса шаары жана Запорожье аймагындагы кол салууларда төрт адамдын каза болгонун билдирди
15-июлдан кийинки тышкы саясат жана Түркиянын келечек көз карашы
Министр Фидан : "Украинага абдан түшүмдүү сапар ишке ашырдык"
15 -  июлдан кийинки стратегиялык саясаттар
АКШ кечээ түнү Иранга каршы баштаган чабуулдарын токтотконун жарыялады
Иран: "АКШнын Ормуз кысыгына кийлигишүүсүнө жол бербейбиз"
Фидан-Сибига: «Ок атышууну токтотууга даярбыз, лидерлер Түркияда жолугуша алат»
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
ФЕТӨнүн коргоо өнөр жайындагы диверсиялары жана акыркы 10 жылдагы ата мекендик коргонуу долбоорлору
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады