ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Кремль ЕБ дрондор боюнча айыптоолорун четке кагып Трамптын куралдарды көзөмөлдөө чечимин колдоду
Кремлдин сөзчүсү Дмитрий Песков Европа саясатчыларынын "далилсиз түдө Россияны бардык нерсеге айыптап жатканын" айтты.
Кремль ЕБ дрондор боюнча айыптоолорун четке кагып Трамптын куралдарды көзөмөлдөө чечимин колдоду
Песков ЕБ лидерлерин ар бир адаттан тыш учкучсуз учуучу учактарды Россия менен байланыштырбашы керектигин айтып, “көз караштарын кеңейтүүгө” чакырды. / Reuters

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус мамлекеттик маалымат агенттигине берген маегинде: "Учурда Европада бардык нерсени Россияга жүктөгөн көптөгөн саясатчы бар. Алар муну ар дайым эч кандай негизсиз жана баскоо жүргүзбөстөн жасашат. Биз бул айыптоолорго ушундай баа беребиз",- деди.

Песков Европа Биримдигинин лидерлерин ар бир дрон учушун Россия байланыштырбашы керектигин баса белгилеп, аларды “көз караштарын кеңейтүүгө” чакырды.

Песков : "Бул дрон окуясы таң калыштуу. Бирок Россияны муну менен айыптоо үчүн эч кандай негиз жок. Бүгүн Европанын бир шаарында жергиликтүү авиация ышкыбозу дронду сынап жаткан учурда кармалганын окудум. Бул кишинин Россия менен эч кандай байланышы жок. Бул конкреттүү, кичинекей жана обочолонгон мисал, бирок, балким, бизд көз карашыбызды кеңейтишибиз керек", - деди.

Белгисиз дрондордун учушу

Акыркы күндөрү бир катар Европа өлкөлөрү белгисиз дрондор тууралуу кабарлап, аба мейкиндигин убактылуу жабууга жана коопсуздук боюнча эскертүүлөргө жол ачышты.

Бул окуялардын алкагында Брюссель Европа Биримдигинин чыгыш чек араларына “дрон дубалын” куруу демилгесин көтөрдү жана жергиликтүү маалымат каражаттары жана расмийлер бул окуяларды Россиянын аракеттери менен байланыштырууда.

Кремль АКШнын президенти Дональд Трамптын Россиянын президенти Владимир Путиндин Стратегиялык куралдарды кыскартуу келишимин (START) узартуу сунушун “жакшы идея” деп мүнөздөгөн билдирүүлөрүн колдоду.

Песков: «Биз бул билдирүүнү колдойбуз жана АКШнын Путиндин демилгесин колдойт деген мааниде оптимизмге негиз берет деп эсептейбиз»,-деп, Москванын дипломатиялык каналдар аркылуу Вашингтондон расмий сигнал ала электигин айтты.

Трамп буга чейин Путиндин START чек араларын февраль айында аяктагандан кийин дагы бир жыл сактап калуу сунушун “жакшы идеядай көрүнөт” деп билдирген. Путин бул сунушун Россиянын Коопсуздук кеңешинин 22-сентябрдагы жыйынында жарыялап, бул чаранын АКШ жооп кайтарган учурда гана жарактуу болорун баса белгилеген.

Кытайдын спутниктик багыттоосун колдонуу айыптоолорун четке кагуу

Песков ошондой эле Кытайдын Украина буталарына чабуул жасоо үчүн Россияга спутниктик мүмкүнчүлүк берген деген маалыматты четке кагып, Москванын “аскердик операциясы үчүн бардык зарыл болгон потенциалга” ээ экендигин, мунун ичинде космостук мүмкүнчүлүктөрдүн да бар экендигин айтты.

«Атайын аскердик операциянын алдында турган бардык милдеттерди аткаруу үчүн өзүбүздүн потенциалыбыз, анын ичинде космостук мүмкүнчүлүктөр бар», - деди Песков.

Буга чейин Батыш маалымат каражаттары Россиянын чабуулдары учурунда Львов аймагынын үстүнөн Кытайдын үч чалгын спутниги учкан деген дооматтарды жазып чыгышкан. Бирок Пекин бул айыптоолорду четке кагып, кагылышуу тууралуу өзүнүн “объективдүү жана бейтарап” позициясын баса белгилеген.

Иликте
Индияда катуу ысык болуп, жетекчилер жардам көрсөтүү чараларын карап жатат
Мексика өлкөдөгү ЦРУ агенттерин иликтейт
АКШнын согуш министри Иран менен болгон согуш боюнча биринчи жолу көрсөтмө берет
Трамп жардамчыларына блокадага даярдануу буйругун берди
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газадагы ок атышууну "адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка" айлантууга чакырды
Мунай баалары АКШнын Иранга карата блокаданы узартуу пландарынан улам көтөрүлдү
Нетаньяху Иран согушу башталгандан бери биринчи жолу коррупция боюнча сот алдына чыкты
Парламент президентти шайлай алган жок; Косово мөөнөтүнөн мурда жалпы шайлоо өткөрөт
Ок атышууну токтотууга карабастан, Израиль Газага кол салууларын улантууда жана бир бала каза болду
Перс булуңунун лидерлери Жиддада саммит өткөрүштү
Губернатор: Украинанын дрондору Орусиянын Туапсе мунай иштетүүчү заводуна кол салды
Иран согушу Сомалинин жетиштүү тамактанбаган балдарын катуу жабыркатты
"Трамп Ирандын Ормуз кысыгын кайра ачуу сунушуна макул эмес"
Ок атышпоо келишимин бузган Израиль Ливандын түштүгүндө төрт кишини өлтүрдү
Ирактын Координациялык алкагы премьер-министрликке Али аз-Зайдинин талапкерлигин көрсөттү
Герцогдун учагы Түркиянын аба мейкиндигине кире албай, узак жолдон кийин Казакстанга конду
Түштүк Корея Түндүк Кореянын ядролук программасына каршы чукул глобалдык аракеттерди көрүүгө чакырды
АКШ Иран авиакомпанияларын колдогон фирмаларды санкциялар тууралуу эскертти
Индонезиянын Батыш Ява провинциясында таксинин айынан болгон поезд кырсыгынан 14 адам каза тапты
Европа энергия үчүн кошумча 32 миллиард доллар төлөөгө аргасыз болду