САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Орусия: "Украинада Харьков жана Запорожьедеги эки конушту көзөмөлгө алдык"
Орусия кечээ да Запорожье облусундагы Ровное жана Лесное менен Донецк облусундагы Малиновка конуштарын көзөмөлгө алганын жарыялаган.
Орусия: "Украинада Харьков жана Запорожьедеги эки конушту көзөмөлгө алдык"
Орус аскерлери Запорожьеде

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Харьков жана Запорожье аймагындагы эки конушту көзөмөлгө алганын кабарлады.

Министрликтин билдирүүсүндө орус армиясынын Украинадагы аскердик аракеттери тууралуу маалымат берилди.

Украин армиясына таандык маанилүү пункттар бутага алынганы айтылган билдирүүдө төмөнкүлөр камтылды:

"Активдүү жана чечкиндүү операциялардын натыйжасында түндүк аскер бөлүктөрү Харьков облусундагы Украинское конушун көзөмөлгө алды. Ал эми чыгыш аскер бөлүктөрү душмандын коргонуусуна терең кирип, Запорожье облусундагы Копани конушун куткарды".

Орусиянын Коргоо министрлиги кечээ Запорожье облусундагы Ровное жана Лесное менен Донецк облусундагы Малиновка конуштарын көзөмөлгө алганын жарыялаган.

Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылдын февраль айында баштаган.

Иликте
Президент Эрдоган Катар эмири үчүн көңүл айтты
Киев жаңы ракеталык чабуулдарга учурап, Россиянын Украинадагы чабуулдарынан 8 адам каза болду
Түркия Венесуэлага 30 тонна гуманитардык жардам жөнөттү
Түркия Ливандын коопсуздугун колдоону улантарын  билдирди
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү