ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Ливандын түштүгүндө Израилдин аба соккусунан кеминде алты адам каза болду
Ливандын мамлекеттик маалымат каражаттарынын кабарына караганда, түн ичинде жүргүзүлгөн аба соккусу Ливандын түшүгүндө бир шаарчадагы үйгө багытталды. Кеминде алты адам каза болуп, жети адам жаракат алды.
Ливандын түштүгүндө Израилдин аба соккусунан кеминде алты адам каза болду
Израиль Ливандын түштүгүнө абадан сокку урду. / AFP

Шейшемби күнү Ливандын мамлекеттик маалымат каражаттары, Израилдин Ливандын түштүгүндөгү Кфар Дунина шаарчасындагы бир үйгө жасаган аба соккусунан кеминде алты адам каза болуп, жети адам жаракат алганын билдиришти.

Улуттук маалымат агенттигинин кабарына ылайык, жаракат алгандар Тирдеги ооруканаларга жеткирилди.

Израилдин артиллериялык снаряддары таңга маал Мансури жана Маждал Зун шаарларынын чет жакаларын да бутага алды.

Ливандын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, 2-марттан бери Израилдин Ливандагы чабуулдарынан 2840тан ашык адам каза болуп, 8690дон ашык адам жаракат алды жана калктын болжол менен бештен бир бөлүгүн түзгөн 1,6 миллиондон ашык адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.

17-апрелде жарыяланып, 17-майга чейин узартылган ок атышууну токтотуу келишимине карабастан Израиль армиясы Ливандагы абадан соккуларын улантып жатат.

Израилдин ок атышпоону бузууларынын арасында артиллериялык атуулар, өлүмгө алып келүүчү аба соккулары жана Ливандын түштүгүндөгү ондогон айылдарда үйлөрдү талкалоосу бар.

Иликте
"Түрк тили жана маданияты" окуу китептери эми жеткиликтүү
Венесуэлада миңдеген адам шайлоо графигин жана оппозиция лидеринин кайтышын талап кылды
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда