ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Кытайда көмүр кенинде жарылуу болуп 82 адам каза болду
Кытайдын Шаньси провинциясындагы көмүр шахтасында болгон жарылууда 82 жумушчу каза болду.
Кытайда көмүр кенинде жарылуу болуп 82 адам каза болду
Цинюань көмүр шахтасында болгон газ жарылуусунан кийин куткаруучулар окуя болгон жерде иштерин улантууда. (Reuters)

Бүгүн эртең менен Шаньси провинциясынын Цинъюань уездиндеги көмүр кенинде газ жарылуусу болду.

Алгачкы маалыматтарга караганда, шахтада иштеген 247 жумушчунун 82си каза болду.

Урандылардын астында калган жумушчуларды табуу үчүн издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүүдө жана каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн деген кооптонуулар бар.

Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин жарыялаган билдирүүсүндө издөө-куткаруу иштери үчүн бардык күчтөрдү жумшоо жана жабыркагандарды дарылоо боюнча тапшырма берди.

Си Цзиньпин операцияларды тийиштүү түрдө жүргүзүүгө чакырды жана жарылуунун себебин комплекстүү иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү мыйзам алдында жоопко тартууну талап кылды.

Өлкө боюнча бардык жергиликтүү бийлик органдары жана тиешелүү мекемелер бул окуядан сабак алып, эмгек коопсуздугу боюнча чараларды күчөтүшү керектигине көңүлдөрдү бурган Си, чоң кырсыктарды алдын алуу үчүн потенциалдуу тобокелдиктерди аныктап, азайтуунун зарылчылыгын баса белгиледи.

Окуя боюнча тергөө иши уланууда.

Иликте
Зеленский Россиянын Украинадагы телеканалдын имаратына дрон менен чабуул койгонун жарыялады
Смотрич: Осло келишимдери жараксыз, Батыш Шерианын А жана В аймактары аннексияланышы керек
Израиль күчтөрү оккупацияланган Батыш Шериада жүргүзүлгөн рейд учурунда бир палестиналыкты өлтүрдү
Польшада роботтор жасалма интеллектке каршы нааразылык акциясын өткөрүштү
Тышкы иштер министрлиги Младичке сөөк коюу  өткөрүлгөнүнө каршылык билдирди
Зеленский АКШ Орусия-Украина согушун басаңдатуу үчүн кадамдарды жасап жатканын айтты
Россиянын Киевге жасаган ракета жана дрон чабуулунан эки адам каза болуп, он адам жараланды
Сауд Арабиясы хуситтердин өлкөгө кол салууларынан 73 адам жаракат алганын билдирди
Улуттук аялдар волейбол командасынын Европа чемпиондугу Италиянын басма сөз беттеринде
Орусия: Германия Бонндогу Башкы консулдугубузду негизсиз шылтоо менен жапты
Президент Эрдоган Европа чемпиону болгон А Улуттук аялдар волейбол командасын куттуктады
Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңишке жетти
Жер Ортолук деңизиндеги эң ири айлана-чөйрөнү коргоо өнөктүгү Фетхиеде башталды
Индонезиядагы жанар тоо атылып чыккандан кийин 1500дөн ашык каттам токтотулду
Стамбул аэропорту Европадагы алдыңкы ордун сактап калды