Франция менен Алжир шейшемби күнү сот, полиция жана чалгындоо тармагындагы кызматташтыкты камтыган, бирок иштебей калган жогорку деңгээлдеги коопсуздук координация механизмин кайра жандандыруу боюнча келишти. Жетекчилер бул кадамды чыңалып турган эки тараптуу мамилелерди калыбына келтирүүнү көздөгөн алгачкы кадам катары баа беришти.
Франциянын Ички иштер министри Лоран Нуньес бул чечимди борбор шаар Алжирде президент Абдулмежид Теббун менен болгон эки күндүк сүйлөшүүлөрдөн кийин жарыялады. Бул иш сапар мындай жогорку даражалуу француз жетекинин узак убакыттан бери Алжирге жасаган алгачкы сапары болду.
Нуньес журналисттерге берген билдирүүсүндө, алжирдик кесиптеши Саид Сайуд жана коопсуздук кызматтарынын жетекчилери менен болгон жолугушуулардын натыйжасында “нормалдуу коопсуздук мамилелерин" калыбына келтирүүгө багытталган механизмди кайра иштетүү боюнча расмий келишимге жетишилгенин айтты.
Аталган коопсуздук механизми соттук координацияны, полиция кызматташтыгын, чалгындоо маалыматтарын алмашууну жана миграцияны башкарууну, ошондой эле эки өкмөттүн ортосундагы эң татаал жана саясий жактан сезимтал маселе болгон репатриаци (кайра кайтаруу) маселесин камтыйт.
Нуньес мунун «мүмкүн болушунча тез арада» ишке ашырыла турганын белгилеп, коопсуздук жана миграция боюнча кызматташтыктын «жогорку деңгээлде» кайрадан башталарын кошумчалады.
Коопсуздук координациясы — өткөн жылдын апрель айында алжирдик дипломаттын Францияда кармалышы менен аяктаган кыска мөөнөттүү дипломатиялык жумшаруу процессин токтоткондон кийин тараптардын ортосундагы диалогду калыбына келтирүүнүн негизги каналына айланды. Ошондон бери өлкөлөр өз ара элчилерин чакыртып алышты жана аймактык саясаттагы келишпестиктер сыяктуу бир катар чыңалуулар келип чыккан.
Франция 2024-жылдын июль айында Батыш Сахаранын автономиясын түзүү боюнча Марокконун сунушун колдоо үчүн өз позициясын өзгөрткөндөн кийин чыңалуу күчөгөн учурлардын бири болгон. Бул кадам Алжир тарабынан кескин четке кагылган.
Шейшемби күнкү билдирүү жаңы процессти баштаса да, жетекчилер карым - катнаштардын толугу менен калыбына келгенин айтышкан жок. Эксперттердин айтымында, соттук кызматташтык, миграциялык талаш-тартыштар жана аймактык дипломатия боюнча прогресс тараптардын ортосундагы мамиленин жумшарышы туруктуу болобу же жокпу, аныктайт.










