Европа Биримдигинин Жер Ортолук деңиз боюнча комиссары Дубравка Шуица шейшемби күнү билдирүү жасап, Европа Биримдигинин Израиль менен Хамастын ортосундагы ок атышууну токтотуу келишиминен кийин Жакынкы Чыгышты турукташтырууда "негизги ролду" ойноого даяр экенин белгиледи, бирок көптөгөн депутаттар Европа Биримдигин Израилдин Газадагы геноциддик согушуна "шериктеш" болууну менен айыпташты.
Страсбургдагы Европа Парламентинин жалпы жыйынында Жакынкы Чыгыштагы акыркы келишимге байланыштуу сөз сүйлөгөн Суика абалды «өтө назик» деп мүнөздөп, ок атышпоо келишиминин күчүнө киргенине карабастан Газадагы гуманитардык кризистин "кыйратуучу" масштабда уланып жатканы тууралуу эскертти.
Суика Европа Биримдигинин аймакты стабилдештирүү боюнча 20 пункттан турган планына салым кошууга даяр экенин баса белгилеп Палестина бийлиги жана Израиль өкмөтү менен байланыштарды улантууга басым жасады. «Европа Биримдиги бул назик кырдаалда негизги ролду ойной турган уникалдуу позицияда», - деди.
Европа Биримдиги “чөң өлчөмдө жарбам берүүгө убада берди
Суика Европа Биримдигинин к палестиналык бейтаптарды Европага медициналык эвакуациялоо менен бирге "чоң масштабдуу гуманитардык жардам" аркылуу негизги ролду ойной аларын, "издөө жана куткаруу, таштандыларды чыгаруу жана зыянсыздандыруу операциялары" үчүн жарандык коргонуу ресурстарын колдонууну карап жатышканын айтты.
Суика ошондой эле Европа Биримдигинин коопсуздук жана башкаруу механизмдерине потенциалдуу катышуусуна көңүл буруп, Рафах чек ара бекетинде EUBAM (Европа Биримдигинин Чек ара колдоо Миссиясы) кайра жайгаштырылышын жана EUPOL COPPS (ЕБ Палестина үчүн Полицияны колдоо координациялык бюросу) алкагында Газага полиция тренингин кеңейтүүнү баса белгиледи.
Эки мамлекеттүү чечимге болгон берилгендигин айткан Суика комиссиянын бардык тиешелүү куралдарды мобилизациялай турганын, кайра куруу жана реформалоо аракеттерин координациялоо үчүн 20-ноябрда Палестинанын донорлор тобунун жыйынын өткөрөрүн жарыялады.
"Газадагы акыркы окуялар үмүттүн жарыгын берип жатса да туруктуу тынчтыктын түзүлүшү үчүн улантууга боло турган жана координацияланган аракеттер керек",- деди.
Парламент катуу сынга алды : “Европа Биримдиги кылмышка шериктеш болду”
Бирок, айрым депутаттар Европа Биримдигин Израилдин Газадагы аракеттерине карата "унчукпай, кылмышка шериктеш" болгону үчүн сынга алышты.
Солчул топтун ирландиялык депутат Линн Бойлан он миңдеген палестиналык өлтүрүлүп, миңдеген баланын жаракат алганын же ачка жатканын белгилеп, блокту "коркунучтуу өлүмгө" карабай "эч нерсе кылган жок" деп айыптады
"Бул ок атышууну токтотуу Европа Биримдигинин эч нерсе кылбаганына шылтоо боло албайт. Эми Европа Биримдиги өзүнүн ишенимдүүлүгүн кайтарып, бул геноцидге шериктештигин токтотуунун убактысы келди", - деди.
Израилдин жазасыздыгы токтотулушу керек
Сол Груптан дагы бир мүчөсү Рима Хассан Европа Биримдигинин реакциясы "колонизатордук менталитетти" чагылдырат деп айтып, блоктун Израилге "кылмыш кылууга карт-бланш бергенин" ырастады. "Палестина үчүн тынчтык Израилдин жазасыздыгынын, Батыштын шериктештигинин, апартеид режиминин жана геноциддин аякташын билдирет", - деди.
Бельгиялык депутат Марк Ботенга да Европа Биримдигинин “геноцидди каржылап жана куралдандырып жатат” деп айыптаса, словениялык депутат Матжаз Немек согуш кылмыштары үчүн жоопкерчиликке тартылууга жана күнөөлүүлөргө каршы санкция салууга чакырды.
"Фон дер Ляйендин колдоосу Израилди кайраттандырды"
Ирландиялык депутат Люк Минг Фланаган: "Европа Биримдиги комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Ляйендин Израилге шартсыз колдоосу аларды эң ырайымсыз согуш кылмыштарын жасоого шыктандырды жана биз муну моюнга алышыбыз керек,-" деди. Европа Биримдигин Израилден Газаны кайра курууга кеткен чыгымдарды камсызкылуусун талап кылууга чакырды.













