Эфиопия өкмөтү Тыграй аймагында федералдык өкмөттүн көзөмөлүндө 6 ай иштей турган убактылуу администрация түзүлгөнүн жарыялады.
Өкмөттүн билдирүүсүнө ылайык, Министрлер кабинетинин токтому менен түзүлгөн администрация 6 ай боюкоопсуздукту камсыз кылуу, жаңжалдарда бузулган инфраструктураны оңдоо жана мамлекеттик кызматтарды калыбына келтирүү үчүн жооптуу болот.
Жер которгон адамдардын үйлөрүнө кайтуусуна да көмөктөшө турган администрация 6 айдын ичинде эркин жана ачык шайлоолорду өткөрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүнү көздөйт.
Өкмөт өз билдирүүсүндө келишимдин алкагында жаңжалды чечүү аракеттери козголоңчу Тыграй Элдик боштондук фронтунун (ТЭБФ) тоскоолдуктарынан улам ийгиликсиз болгонун жана акыркы кагылышуулар уюмдун жеңилүүсүнө алып келгенин жактады.
ТЭБФ азырынча бул тема боюнча комментарий бере элек.
Тыграйдагы жаңжалдарды токтотуу үчүн федералдык өкмөт менен ТЭБФтин ортосунда Претория келишимине кол коюлган.

























