ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Макрон Израилдин Ливандын түштүгүндөгү "басып алуусуна" каршы эскертти
Франциянын президенти Израилдин Ливанга каршы агрессиясын улантып жаткан учурда оккупация жана колонизация эч кимдин коопсуздугуна кепилдик бере албасын айтты.
Макрон Израилдин Ливандын түштүгүндөгү "басып алуусуна" каршы эскертти
Макрон Париждеги Араб дүйнөсү институтунда "Библос" көргөзмөсүнүн ачылышында сөз сүйлөдү / Reuters

Ливандык министр да катышкан иш-чарада Франциянын президенти Эммануэль Макрон Израилге карата билдирүү жасап "оккупациянын" коопсуздук алып келбей турганын айтты.

Дүйшөмбү күнү Париждеги мамлекет тарабынан каржыланган Араб дүйнөсү институтунда өткөн көргөзмөнүн ачылышында сөз сүйлөгөн Макрон: "Эч бир оккупация, эч бир колонизациянын түрү - бул жерде да, (басып алынган) Батыш Шериада да, башка эч жерде да - эч кимдин коопсуздугуна кепилдик бере албайт", - деди.

Макрон бул билдирүүнү Ливандын маданият министри Гассан Саламе менен бирге турганда жана Израиль Ливанга согуш жарыялаган учурда айтты.

Ливанга каршы аба соккуларын жасаган Израиль андан соң армиясынын кургактагы күчтөрүн Ливандын түштүгүнө жөнөтүп, аны "чектелген" чабуул деп мүнөздөдү.

Ливандын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, Израилдин чабуулдары 1000ден ашык адамдын өмүрүн алды.

Оккупациядагы Батыш Шериада Израилдин зомбулуктары

Ошол эле учурда 28-февралда АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу башталгандан бери, оккупациядагы Батыш Шериада Израилдин кол салууларынан кеминде алты палестиналык каза болду. Региондогу айрым имараттар жана унаалар мыйзамсыз израилдик отуркташкандар тарабынан өрттөлдү.

Бир тараптан Париждеги көргөзмөдө биздин заманга чейинки 6900-жылдан бери отурукташуу жери болгон жана дүйнөдөгү эң байыркы порт деп эсептелген Ливандагы Библос шаарына таандык ар кандай археологиялык калдыктар көрсөтүлдү.

Иликте
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү көбөйгөнүнө байланыштуу британ дипломатын чакырды
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти
Йемен армиясы: "Таиздин батышындагы кагылышууларда 30 хусит өлтүрүлдү"
Иран Ормуз кысыгынан өтүүгө аракет кылган Того желеги бар мунай танкерине сокку урганын жарыялады
Ирландия 2027-жылы да Евровидение сынагына катышпайт
БУУ: «АКШнын Иранда согуш кылмышын жасаганына карата негиздүү жүйөлөр бар»