ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Россия менен Украина согуш туткундары боюнча жаңы келишимдин алкагында 185тен туткун алмашты
Россиянын Коргоо министрлиги Бириккен Араб Эмирликтеринин Москва жана Киевдин ортосундагы гуманитардык алмашууну жеңилдеткенин билдирди.
Россия менен Украина согуш туткундары боюнча жаңы келишимдин алкагында 185тен туткун алмашты
Орусиянын Украинага кол салуусу учурунда, Украинанын ачыкталбаган жеринде туткундарды алмашуудан кийин автобустан түшүп жаткан украиналык аскер туткундары. / Reuters

Россия Украина менен туткундарды алмаштырганын жана эки тараптан тең 185тен аскердин өлкөлөрүнө кайтарылганын жарыялады.

Россиянын коргоо министрлигинин жума күнү жасаган билдирүүсүндө Бириккен Араб Эмирликтеринин согуш туткундарын алмаштырууда ортомчулук кылганы белгиленди.

Билдирүүдө орус аскерлеринин азыркы учурда Беларуста экендиги жана Россия Адам укуктары боюнча комиссары Яна Лантратованын аскерлер менен бирдикте экендиги маалымдалды.

Министрлик билдирүүсүндө: "Бошотулган аскер кызматкерлери учурда Беларуста, аларга зарыл болгон психологиялык жана медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө. Кийинчерээк алар дарылануу жана реабилитациядан өтүү үчүн Россияга жөнөтүлөт", — деп маалымдалды.

Айрым жогорку мартабалуу украиналык жетекчилер алмашуу үчүн даярдыктардын акыркы жумаларда башталганын билдиришти.

Алмашуу Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин төрт жылдык кагылышууну токтотуу үчүн орус кесиптеши Владимир Путинге бетме - бет жолугушууну кабыл алууга чакыргандан кийин ишке ашты.

Россиянын Коргоо министрлиги: "5-июнда Киев режиминин көзөмөлүндөгү аймактардан 185 орус аскери кайтарылды. Украина тарапка да 185 согуш туткуну өткөрүлүп берилди", — деп билдирди.

Зеленский боштондукка чыккан айрым украин аскеринин 2022-жылдан бери Россияда камакта экендигин айтып, социалдык медиада : “Адамдардын кайтып келиши Украина үчүн ар дайым артыкчылыктуу маселе. Күн сайын ар бир украиналык эркек жана аялды туткундуктан куткаруу үчүн иштеп жатабыз”,- деп жазды.

Украиналык жетекчилер Украина желектерине оронгон, чачтары алынган аскерлердин бири - бирин кучактаган сүрөттөрүн жарыялашты.

Иликте
Украина Президенти Зеленский Россияга каршы жаңы операцияларга уруксат бергенин жарыялады
Министр Фидан Кудс боюнча министрлер жыйынына катышат
Wildberries 2027-жылы Казакстанда 260 000 чарчы метр аянтты ээлеген жаңы кампа ачууну пландап жатат
Түркия Кара деңизде кол салууга кабылган кемелердеги жарандарынын абалын кылдат көзөмөлдөп жатат
Apple компаниясы Telegram тиркемесин App Store дүкөнүнөн убактылуу алып салды
Армениянын президенти Хачатурян Пашиняндын жаңы кабинетин бекитти
Иран президенти: Аймактык бүтүндүгүбүздү коргойбуз, бирок согушту кеңейтүүнү каалабайбыз
Президент Эрдоган Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Салман менен сүйлөштү
Жогорку аскердик кеңеш жыйналууда
Ибрахим Калын Газадагы тынчтык планын талкуулоо үчүн Хамастын лидери менен жолугушту
Түркия, Египет жана Катар  геноцидчи Израилди айыптады
Дрондор түнү бою Орусиянын аймактарына сокку уруп, Москвада беш адам каза болду
Министр Фидандын дипломатиялык иш-аракеттери
Казакстан Арал менен Каспийди бириктире турган стратегиялык автожолдун курулушун баштады
Коргоо жана авиация тармагы 1,12 миллиард долларлык экспортту ишке ашырды