
2025-жылы мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү алдында турган Германия экономикалык жана геосаясий кыйынчылыктарга туш болууда. Бул абал өлкөнүн келечектеги багыты жана анын Европага тийгизген таасири тууралуу суроолорду жаратат.
Германиянын канцлери Олаф Шольц ноябрда каржы министри Кристиан Линднерди кызматтан алгандан кийин өз ишин да аяктады.
Шольц Бундестагдагы (Германия парламенти) ишеним добушунан ажырап, 2025-жылдын 23-февралында боло турган мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн негиз даярдады.
Бул саясий маневр, Германиянын үч партиялуу "Светофор коалициясынын" (кызыл Социал-демократтар, сары Либералдар жана жашыл Жашылдар) ишин токтотту жана Европанын экономикалык кубаттуулугунун тагдыры жагынан маанилүү учурдун жарчысы болду.
Трансформацияга болгон табити бүттү жана коомчулук "эски жакшы күндөргө" кайтууну тандай тургандай көрүнүүдө. Шольцтун өкмөтүнүн кулашы – катаал реалдуулук менен кагылышкан амбициялуу реформалардын бир окуясы.
Элдин колдоосу азайды
Шольцтун үч партиялуу коалициясы өз күн тартибин ишке ашыруу үчүн күрөшүп жатып, коомчулуктун колдоосун жоготту. Германия адаттагыдай эле тез өзгөрүүлөрдөн сак болуп, чоң чыгымдарга даяр эмес болчу. Начар реформалар жана анын күтүүсүз кесепеттери коомчулукта нааразычылыктарды жаратты.
Коалициянын ар бир өнөктөшү бир катар байланыш каталары үчүн жооптуу болушу мүмкүн. Шольц Украинага кайсы курал системаларын жөнөтүүнү чече алган жок; колдоо менен коркуунун ортосунда термелди.
Вице-премьер-министр Роберт Хабек климаттын өзгөрүүсүнүн максаттарына жетүү үчүн үй чарбаларында жылытуу системаларын өзгөртүү идеясын оңой чечим катары көрдү. Бирок мыйзам долбоорунун планы либералдар тарабынан ачыкка чыгарылды жана таблоиддер Хабекти, газ жана май менен жылытуу системаларын кымбат жылуулук насосторуна алмаштырууга аргасыз боло турган үй ээлерин каржылык жактан кыйрата турчу "Жылуулук балкасы" деп айыпташты.
Либералдар ошондой эле 27 мүчө мамлекет көптөгөн жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин макулдашкан ЕБ мыйзамдарына вето коюу менен Евробиримдиктин чечимдерин кабыл алууда Германиянын ишенимине доо кетиришти.
Бийликтин жогорудан ылдыйга карай мамилеси көпчүлүк тарабынан патерналисттик деп сыпатталып, трансформацияга кеткен чыгымдар, сезилген пайдадан аша баштады.
Экономикалык көйгөйлөр
Коалиция ичиндеги чыр-чатактар да өкмөттү солкулдатты. Социал-демократтардын, Либералдардын жана Жашылдардын лидерлери Шольц, Линднер менен Хабек- баштапкы биримдикти көрсөтүшкөнү менен, алардын дүйнөгө болгон көз караштары жана адамдык сапаттары барган сайын кагылыша баштады.
Линднердин амбициясы өзгөчө кенже өнөктөш катары ролунда чыңалууну жаратты. Ошондой эле бизнес коомчулугунун лоббиси катары мамиле жасашы жана өлкөсүнө кызмат кылган лидер катары көрүнбөгөнү үчүн сынга кабылды.
Тышкы факторлор да кырдаалды ого бетер татаалдаштырды. Германиянын экспортко негизделген экономикасы дүйнөлүк жеткирүү чынжырынын үзгүлтүккө учурашынан, инфляциядан жана энергетикалык кризистен катуу жабыркады.
Бул көйгөйлөрдүн айрымдары Батыштын Орусияга каршы санкцияларынан, Украинадагы жана Жакынкы Чыгыштагы согуштардан жана Сомалилик каракчылардын Африка мүйүзүндөгү контейнердик кемелерге кол салууларынан келип чыкты. Бирок, пандемиянын узак мөөнөттүү кесепеттери да глобализацияга терс таасирин тийгизди.
Бул кыйынчылыктар калктын улгайып баратканын, жумушчу күчүнүн жетишсиздигин жана немис өнөр жайындагы инновациянын жоктугу сыяктуу структуралык алсыздыктарды ачыкка чыгарды. Автоунаа өнөр жайы да, ичтен күйүүчү кыймылдаткычтардан электромобилдерге өтүүнү башкара алган жок.
Экстремизмдин күчөшү
Популизмдин күчөшү Германиянын саясий сахнасына дагы бир татаалдыкты кошту. Белгисиз учурларда, экстремисттик үндөр оң жана сол тарапта орун таап, Германиянын согуштан кийинки либералдык, толеранттуу жана инклюзивдүү коом болуу консенсусуна шек келтирди.
Ашкере оңчулдардын эң башкы мисалы Германия үчүн альтернатива (AfD) партиясы болуп саналат. Бул улутчул, расисттик, иммиграцияга каршы турган партия популисттик стратегияны көздөйт; эмоцияларга кайрылып, жөнөкөйлөштүрүлгөн билдирүүлөрдү жаюуда жана азыркы саясий системанын иштешин бузууга аракет кылууда.
Беркисинде болсо марксист доктор Сахара Вагенкнехт бар. Чыгыш Германиянын Коммунисттик партиясынын мурдагы мүчөсү Вагенкнехт өз кыймылын негиздеп, Чыгыш Германиядагы эки аймактык өкмөттө дароо кенже өнөктөш кызматына ээ болгон.
Вагенкнехт харизматикалык лидерликти, солчул экономикалык саясатты жана иммигранттарга каршы риториканы бириктирүүдө. Экстремалдуу эки партия тең башкача саясий системаны каалайт жана экөө тең орусиячыл.
Германия мөөнөтүнөн мурда шайлоого карай баратканда шайлоочулар, үзгүлтүксүздүк менен элдин коркууларын башкарган популисттердин ортосунда катуу тандоого туш болушат.
Жаңы өкмөт, ошол эле саясатпы?
2025-жылы эң ыктымалдуу жыйынтык, борбордогу карталардын кайрадан таратылышы сыктуу көрүнүүдө. Оппозициядагы консерваторлордун күчтөнүшү күтүлүүдө, бирок жалгыз өзү башкаруусу үчүн жетиштүү болбойт. Бул сценарий Германиянын кийинки өкмөтүнүн мурдагы өкмөттөрдөн сыртынан башкача, бирок саясатта окшош болорун көрсөтүп турат.
Эл аралык коомчулук үчүн бул Германиянын көп тараптуулукка, НАТОго жана ЕБге берилгендигин улантат дегенди билдирет. Бирок европалык интеграцияны тереңдете турган же тышкы саясатта чоң өзгөрүүлөрдү жасай турган эч кандай тайманбас кадамдар күтүлбөйт.
Кыйынчылыктарды жеңе алабы?
Алдыда боло турган шайлоолор немис коомчулугундагы өзгөрүүлөргө муктаждык менен стабилдүүлүккө умтулуунун ортосундагы кеңири тирешүүнү чагылдырат. Тышкы кысымдар - АКШнын жаңы администрациясы, дүйнөлүк соода согуштары жана коопсуздук коркунучтары күчөгөн сайын - Германиянын кийинки өкмөтү шайлоочулардын этияттуу тандоосунан улам чечкиндүү чараларды көрүүгө аргасыз болушу мүмкүн.
Анткени, алдыдагы эки айдын ичинде Германиянын кыска шайлоо өнөктүгүндөгү саясий аракети көптөгөн Батыш демократияларынын алдындагы көйгөйлөрдүн микрокосмосу: Элди алыстатпай керектүү өзгөрүүлөрдү кантип башкара алабыз?
Бул тең салмактоо аракетинин жыйынтыгы, Германиянын тышында резонанс жаратат жана Европанын келечегин жана анын дүйнөлүк аренадагы ролун калыптандырат.
Оң жаңылык Германиянын терең кризисте эместиги жана шайлоонун жыйынтыгы катастрофалык өзгөрүүлөргө алып келбейт. Коалициялык өкмөттүн жаңы курам менен түзүлүүсү эл кааласа демократиялык мамлекетте нормалдуу көрүнүш. Бирок суроо туулат: Бул алдыда турган кыйынчылыктарды чечүүгө жетиштүүбү?














