БРЮССЕЛЬ (AA) - Украинанын президенти Владимир Зеленский Брюсселде Бельгиянын королу Филипп жана премьер-министри Барт де Вевер менен жолугушту.
Зеленский жолугушууларда Украинанын абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө жана кошумча F-16 согуштук учактарын тез арада жеткирүүгө чакырды.
Бельгиянын маалымат каражаттарында орун алган кабарларга караганда Зеленский менен Де Вевердин жолугушуусунда Россиянын Украинадагы турак жайларга, энергетикалык объектилерине жана башка маанилүү инфраструктурасына келтирген зыяндар талкууланды.
Зеленский Украинанын коргонуу муктаждыктары тууралуу маалымат берип, айрым аймактарда оңдоо иштерин жүргүзгөн топтор кайрадан чабуулга кабылуу коркунучунан улам ишке кирише албай жатканын белгиледи.
Зеленский F-16 согуштук учактары Россиянын реактивдүү кыймылдаткычтуу «Шахед» дрон чабуулдарын кайтарууга олуттуу салым кошуп жатканын айтты.
«Биз Бельгия менен биргеликте кошумча согуштук учактарды мүмкүн болушунча тезирээк алуу үчүн иштеп жатабыз», — деген Зеленский коргонууну колдоо боюнча ар бир чечим адам өмүрүн сактап каларын кошумчалады.
Эки лидер F-16 учактары үчүн кошумча ок-дарыларды жеткирүү мүмкүнчүлүгүн да талкуулашты.
Бельгиянын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди
Зеленский Король Филипп менен жолугушкандан кийин социалдык тармактагы баракчасына Украинага көрсөткөн колдоосу үчүн королго, Бельгия өкмөтүнө жана элине ыраазычылык билдирген пост жарыялады.
Зеленский Украинанын шаарлары менен калктуу конуштары Россиянын ракеталарынын жана дрондорунун чабуулдарына кабылып жатканын айтып, абадан коргонууну күчөтүү эң башкы артыкчылык экенин белгиледи.
Ошондой эле Европа Биримдигинде тоңдурулган орус активдерди бөгөттөөнү улантууга чакырды. Зеленский: «Согуш улантылган сайын Россия жаңы кыргындарга жана Европанын туруксуздашуусун күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берген эч нерсеге ээ болбошу керек», — деди.
Киев негизги бөлүгү Бельгияда сакталган тоңдурулган орус активдерди Украинага жардам берүү үчүн пайдаланууну талап кылууда. Ал эми Бельгия келип чыгышы мүмкүн болгон укуктук жана каржылык тобокелдиктерден улам кооптонуусун билдирүүдө.




















